Лос-Анжелесте рейд учурунда 56 киши кармалды

Дүйнө 793 09 Июнь 2025 17:45
WhatsApp Image 2025-06-09 at 16.29.39 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-09 at 16.29.39 (5).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-09 at 16.29.39 (4).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-06-09 at 16.29.39 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-09 at 16.29.39 (5).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-09 at 16.29.39 (4).jpeg
Алдыга
Артка

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.06.25. /Кабар/. АКШнын Лос-Анжелес шаарынын борборунда иммиграциялык рейд учурунда 56 киши кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Агенттиктин маалыматына караганда, камакка алуулар полиция Эдвард Ройбалдын федералдык имаратынын жанында мыйзамсыз жыйын өткөргөндөнгөн кийин адамдардын тарап кетпегендигинен улам болгон.

Ага ылайык, АКШнын президенти Дональд Трамп демонстранттар менен кагылышуудан кийин Улуттук гвардияны Лос-Анжелеске жибергени кабарланган. Алар шаарга күн мурун эртең менен келе башташкан.

Америкалык маалымат каражаттары белгилегендей, азыр ал жерде 300дөй аскер бар.

Эске салсак, Лос-Анжелесте мыйзамсыз мигранттардын массалык камалышына каршы нааразылык акциялары үчүнчү күндөн бери уланууда.