Бишкек, 03.05.25. /Кабар/. 30-апрелде Улуу Британиянын парламентинде Кыргызстандын элчиси Улан Жусупов Улуу Британиянын Төмөнкү Палатасынын Тышкы иштер боюнча комитетинин төрайымы Эмили Торнбери жана башка комитет мүчөлөрү менен жолукту.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-британ парламенттер аралык диалогун бекемдөө, саясий реформалар, мыйзам үстөмдүгү жана ачыктык маселелери, ошондой эле эл аралык жана регионалдык кызматташтыктын актуалдуу темалары талкууланды.
Элчи британ тарапка Кыргызстанда жүрүп жаткан мамлекеттик институттарды модернизациялоо, башкарууну санариптештирүү, демократияны өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу максатындагы кеңири масштабдагы саясий жана социалдык-экономикалык реформалар тууралуу маалымат берди. Парламент реформаларды илгерилетүүдө, саясий жоопкерчилик маданиятын түзүүдө жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүүдө негизги ролду ойной турганы белгиленди.
Парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Элчи 2023-жылдын май айында Тышкы иштер боюнча комитеттин Бишкекке болгон сапарына, 2023-жылдын октябрында Жогорку Кеңеш делегациясынын Лондонго жасаган визитине жана 2024-жылдын март айында Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасынын Улуу Британияга болгон расмий сапарына ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле элчи Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примовдун Улуу Британиянын Тышкы иштер боюнча комитетинин төрайымына жолдогон расмий катын тапшырды. Катта парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү сунуштары камтылган.
Улуу Британиянын Төмөнкү Палатасынын Тышкы иштер боюнча комитетинин төрайымы Кыргызстан менен кызматташууну бекемдөөгө жана өлкөдөгү демократиялык процесстерди колдоого кызыкдар экенин билдирип, учурдагы диалогдун конструктивдүү мүнөзүн белгиледи.