Кыргызстан менен Улуу Британия инвестиция, миграция жана кен байлыктар жаатында кызматташат

Саясат Загрузка... 20 Май 2025 16:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 20.05.25 /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа жана Борбор Азия дирекциясынын жетекчисинин орун басары Марк Клейтон менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алышты. Соода-экономикалык, инвестициялык, миграция жана тоо-кен тармагындагы мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Министрдин орун басары Темирбек Эркинов министрлер кабинети менен Улуу Британиянын United Concrete Canvas компаниясынын ортосунда Кыргызстанда завод куруу боюнча инвестициялык макулдашууну ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, Улуу Британиянын UKEF экспорттук-кредиттик агенттиги менен кызматташуунун келечегин, ошондой эле Кыргызстандын пайдалуу кендер секторун өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегияны иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.