Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинети өзүнүн токтому менен Кыргызстандын аймагында ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитти. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жобонун максаты ломбарддардын ишин уюштурууга карата талаптарды аныктайт жана белгилейт жана бул документ өлкөнүн аймагында ломбарддардын ишин жүзөгө ашырууга лицензиялары бар бардык юридикалык жактардын ишине жайылтылат.
Ломбард ишинин субъекттери алты айлык мөөнөттө өз иштерин Кыргызстандын аймагында ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун талаптарына ылайык келтириши керек.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Маалымат менен толук таанышуу үчүн шилтеме аркылуу кирүүгө болот.