Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом Загрузка... 08 Декабрь 2025 09:33
321038.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 08.12.25. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 8-декабрдан 10-декабрга чейин жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн төмөнкү аймактарда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт:

  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74 чакырымдарында Чапчыма ашуусунда;
  • Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында.

"Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл",-деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.