Бишкек, 23.12.25. / Кабар/. Курулуш, өнөр жай, кызмат көрсөтүү тармактары өнүгүүнүн негизги драйверлеринен болгондугун министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.
Анын айтымында, негизги капиталга инвестициянын көлөмү 283,2 млрд сомду түзүп, 18,1%га өскөн.
“Инфляцияга тышкы факторлор таасирин тийгизди же импорттук инфляция акча - насыялык саясатта улуттук валютабыз сом туруктуу кармалып турат. Тышкы соода түзүмү олуттуу өзгөрдү. Кыргызстан региондук жана глобалдык соодага активдүү интеграциялана баштады.
Өлкөдө ири инфраструктуралык долбоорлор анын ичинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу активдүү башталды. Эки долбоордун жалпы наркы болжол менен 10 млрд долларга бааланууда”,- деди Касымалиев.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстандын өлкө тарыхында биринчи жолу 750 млн долларга жакын каражатка еврооблигация чыгарылганын эске салды.
Маалымдалгандай, бул кадам Кыргызстандын эл аралык аренадагы имиджи үчүн жасалган кадам болгон.
Мындай кадам кыргыз компанияларына эл аралык каржылык рынокторго чыгууга шарт түздү. Биздин чоң компанияларыбыз ошол эле "Кумтөр", "Мегаком" жана "Элдик Банк" үчүн чоң бир мүмкүнчүлүк түзүп бердик. Алар да эл аралык фонддорго чыкканы турат”, -деди министрлер кабинетинин башчысы.