Өлкөнүн маданият тармагы өнүгүү жолуна түштү

Маданият Загрузка... 28 Февраль 2025 17:45
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Соңку жылдары элдин руханий көрөӊгөсүн көтөрүүгө олуттуу салым кошкон маданият тармагына өкмөт тарабынан материалдык жана моралдык да жакшы колдоо болуп жатат. Азыркы учурдагы маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын милдеттерин чечүүгө, маданий потенциалын сактоо аракети көрүлүүдө.

WhatsApp Image 2025-02-28 at 11.28.37 (14).jpeg

Муну менен катар маданият өкүлдөрү байма-бай жогорку деңгээлдеги спектакль, мюзикл, концерт, театралдык оюн-зоокторду тартуулап жатышат. Сапаттуу, жандуу чыгармалардын аркасында жан-дүйнөсүн руханий байлык менен азыктандыргысы келген элдин саны көбөйдү. Ал тургай элдин маданий мекемелерге баруу маданияты жакшырды.

WhatsApp Image 2025-02-28 at 11.28.39 (13).jpeg

Буга мисал, Бишкектеги Улуттук филармонияда өтүп жаткан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде даярдалган "Раймалы менен Бегимай" этно-мюзикли. Этно-мюзикл ар бир көрүүчүнүн купулуна толуп, 4-күн аншлаг менен өтүп жатат.

WhatsApp Image 2025-02-28 at 11.28.38 (9).jpeg

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директорунун орун басары Данияр Байгожоевдин айтымында, өлкөдө стабилдүүлүктүн орношу менен карапайым эл жан-дүйнөсүнө руханий азык алуу үчүн спектакль, концерт, киного байма-бай келе баштады.

WhatsApp Image 2025-02-28 at 11.28.39 (20).jpeg

“Биздин эң башкы максат көрүүчүнүн табитине ылайыктуу, пайдалуу жана учурдагы актуалдуу болуп жаткан маселерди чагылдыруу. Ошол максатыбызга жетип жатабызго деп ойлойм. Эл эмнеге келет? Албетте, сахнада сапаттуу коюлган чагылдыруудан. "Раймалы менен Бегимай" этно-мюзикл мыкты деңгээлде коюлуп жатат. Эл бири-биринен угуп, келип жатышат. Мына көрүп турганыңыздардай кассада билет жок. Элдин суранычы менен биз кошумча отургучтарды да коюп берип жатабыз. Ошентсе да залга батпай калгандар бар. Көпчүлүктүн суранычы менен алдыда 7-8- март, 17-18-19-апрель күндөрү "Раймалы менен Бегимай" этно-мюзикл дагы тартууланат. Муну менен эле токтоп калбайбыз. Буюрса, Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл алма” чыгармасын дагы этно-мюзиклге салып тартуулаганы турабыз” ,-деди ал.

WhatsApp Image 2025-02-28 at 11.28.37.jpeg

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу буга чейин жакшы продукт жок болгондуктан маданий мекемелерге карапайым элдин көңүлү тартпай келгенин белгиледи.

WhatsApp Image 2025-02-28 at 11.28.40.jpeg

“Президенттин колдоосу менен үч жылдан бери бөлүнүп келе жаткан каражаттын негизинде жакшы продукт жаралып жатат. Жакшы каражаттын бөлүнүшү менен сапаттуу, жогору деңгээлдеги спектакль, мюзикл, опера-балет коюмдары тартууланып жатат. Алдыда дагы чоң-чоң имараттар курулуп, элге мындан дагы масштабдуу чыгармалар тартууланат”,-деди ал.

Ошону менен бирге эле Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актер Болот Тентимышов көрүүчүнүн талабын, кызыкчылыгын көздөгөн маданият тармагындагы жаңы мыйзамдардын киргизилиши менен көрүчүүлөрдүн табитине жараша мыкты деңгээлдеги маданий иш-чаралар коюла баштаганын айтты.

WhatsApp Image 2025-02-28 at 11.28.37 (5).jpeg

“Ар бир чыгарманын максаты көрүүчүгө эргүү берүү. Элдин бирден-бир бизге кошкон салымы. Чыгармачылык топко коюлган бийик талабы. Ошол талапка жараша мамлекеттин чыгармачылык топко мыкты аспаптар, жабдуулар менен камсыздоосунда болуп жатат. Ошол керемет аспапка, салынган жандуу үн, курч сөз ар бир адамга таасир этпей койбойт. Күтүүсүздөн кандайдыр бир заманбап кубулушту көрсөтсөң ошол адамга эргүү берет, таң калтырат. Элдин талабын, кызыкчылыгын эске алуу менен чыгармачылык топ талыкпай эмгектенип, мыкты чыгармалар жаралып жатат. Анын жыйынтыгында мына көрүүчүлөрдүн аягы суубай жатканын көрүүгө болот”,-деди ал.

Бишкек шаарынын тургуну 87 жаштагы Алмагүл апанын айтымында, союз маалынан бери "Раймалы менен Бегимай" этно-мюзикли анын купулуна толгон жалгыз чыгарма болду.

WhatsApp Image 2025-02-28 at 11.28.40 (2).jpeg

“Артисттер абдан жакшы ойношту. Илгери кандай жандуу чыгармаларды эргүү менен көрүп келсек, мына бүгүн кайра ошол кайтып келип жатат. Бир кездери өлкөдө концертке келсең артист аттуунун баары бир гана фонограмма менен иштеп калган учурлар болду. Ошондон кийин маданий иш-чараларга баргым келбей калган. Мына бүгүн кайрадан союз маалындагы жандуулук, артисттердин берилгендиги жандана баштады”,-деди ал.

Буга чейин көңүл бурулбай келген маданият тармагына мурдагыга салыштырмалуу алда канча көп каражат бөлүнө баштады. Каражат улуттук маданияттын жетишкендиктерин өлкө ичинде жана четте пропагандалоого, чыгармачыл союздарга буйрутма берүүгө, музыкалык аспап сатып алууга, театралдык оюн-зоок мекемелеринде жаңы спектаклдерди сахналаштыруу, гастролдорду уюштурууга, улуттук жана концерттик костюмдарды, музыкалык жабдуу сатып алууга жумшалууда.

Алсак, өткөн жылы тарыхта биринчи жолу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 350,6 млн сомго жаңы техникаларды сатып алды. Алынган техникалар, бир нече жолу Ала-Тоо аянтында өткөн масштабдуу иш-чараларда коюлуп, маданият тармагынын өнүгүшүнүн бир бөлүгү болду.

Мындан сырткары, каралбай келген маданий мекемелер четинен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Буга мисал, өткөн жылы толугу менен жаңыланып ачылган Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирк. Эми циркте көрүүчүлөр үчүн да, цирктин кызматкерелери үчүн да жакшы шарттар түзүлдү. Ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театры жакында капиталдык оңдоодон өткөн. Буга чейин эскилиги жеткен үч кабаттагы грим бөлмөлөрү, кичи зал, фойе, Пушкин көчөсү тарабындагы театр аянтчасы, имараттын сырты толук оңдолду. Оңдоп-түзөө иштери бир гана борбордо эмес облустук жана райондук маанидеги маданият үйлөрүндө да жүргүзүлүүдө. Маданият тармагын колдоо быйыл дагы уланат. Алсак, 2025-жылдын аягына чейин борбор калаадагы “Учур” жаштар театрына азыркы имаратынын ордуна заманбап, трансформер стилиндеги жаңы театр салынат.

Мунун аркасында соңку жылдары элдин маданий иш-чараларга агылуусун, спектакль, концерттерге келген зал толо элди байкоого болот.