Өлкөнүн маданий мурастарын дүйнөгө таанытууда маданий иш-чаралардын ролу чоң

Маданият Загрузка... 30 Июль 2025 17:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Өлкөнүн ар кайсы аймактарында уюштурулган ири маданий жана эл аралык иш-чаралар өлкөнүн туристтик дараметин жогорулатып, ички жана тышкы туристтердин агымын көбөйтүүгө өбөлгө түзүп, оң таасирин тийгизип жатканы талашсыз. Эл аралык фестивалдар өлкөгө келген туристтердин санын арттырып, Кыргызстандын маданий байлыгын дүйнөгө таанытуу менен өлкөнүн экономикасына салымын кошууда.

Маданий туризмди өнүктүрүү аркылуу Кыргызстан өзүнүн уникалдуу тарыхын, салтын жана маданиятын сактап калуу менен бирге дүйнөлүк туристтик картада өз ордун бекемдөөдө.

WhatsApp Image 2025-07-30 at 17.13.54 (2).jpeg

Жакында эле IV Ысык-Көл эл аралык эстрадалык музыка аткаруучуларынын "Мейкин Азия" фестивалы жогорку деңгээлде өттү. 3 күн бою Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн ири маданий иш-чарага дүйнөнүн 25тен ашык мамлекеттеринин өкүлдөрү, таланттуу жаш эстрада ырчылары катышты. Ар бир сынак Кыргызстандын жана чет өлкөлүк белгилүү жылдыздардын катышуусунда концерттер менен коштолду.

Фестивалдын өзгөчө көркүн I "Мейкин Азия" фестивалынын жеңүүчүсү, белгилүү ырчы Димаш Кудайберген, ошондой эле азыркы учурдагы популярдуу Ay-Yola тобу жана Sevak ачышты. Алар өз чыгармачылыктарын көрүүчүлөргө тартуулашып, майрамдык кечени өзгөчө шаңга бөлөштү. Ал эми аталган фестивалды 70тен ашуун эл аралык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырды. Бул өлкөнүн дүйнөнүн алдыңкы маданий аянтчалары менен кызматташуусуна шарт түздү. Кесиптик байланыштарды кеңейтти. Кыргызстандын маданий иш-чараларда активдүү катышуучу катары статусун жогорулатты. Мындан сырткары, дүйнө жүзүнө өлкөбүздүн меймандос эли, бай тарыхы, кооз жаратылышын көргүсү келген потенциалдуу туристтердин келишине шарт түздү.

WhatsApp Image 2025-07-30 at 17.13.54.jpeg

Эми алдыда 1-2-3-август күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" маданий борборунда биринчи жолу дүйнөлүк "Рух санат" салттуу маданият жана музыка фестивалы өтөт. Фестивалдын максаты – биринчи кезекте маданиятты, салттуу музыканы даңазалоо, алардын нукуралуулугун сактоо жана кийинки муунга өткөрүп берүү.

Фестиваль этностордун салттуу кайрыктары менен байытылган музыка аркылуу адамзаттын терең руханий дүйнөсүнө сүңгүп кирүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. 30дан ашуун өлкөнүн маданиятын бир сахнада көрөбүз.

"Рух Санат" фестивалы дүйнөлүк маданий мурасты даңазалап, ар кыл элдердин ортосундагы руханий көпүрө курууга багытталган. Бул иш-чара Кыргызстандын маданий туризмин өнүктүрүүгө да чоң салым кошот.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин айтымында, фестивалдарды Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүү жөн эле тандалып жаткан жок.

WhatsApp Image 2025-07-30 at 17.13.54 (4).jpeg

“Өзүңүздөр билгендей, Ысык-Көл - өлкөбүздүн туризм борбору. Маданий иш-чараларды ушул жерде өткөрүү аркылуу келген туристтердин санын көбөйтө алабыз. Фестивалдын алкагында улуттук ыр-күүлөрүбүз, маданиятыбыз жана тарыхый мурастарыбыз кеңири көрсөтүлөт. Бул албетте, өлкөнүн туризмине оң таасирин тийгизет”,-дейт министр.

Фестиваль "Мейкин Азия" сыяктуу эстрадалык фестивалдардан айырмаланып, улуттук иденттүүлүктүн өзөгүн түзгөн мураска, жандуу үнгө жана этностордун маданиятынын руханий баалуулуктарына басым жасайт. Бул жерде заманбап хиттер эмес, кылымдарды карыткан элдик музыка жаңырат. Фестивалдын программасында бешик ырлар, ашыктык ырлар, эмгек ырлары, күүлөр, сүйүү обондору жана элдин жан дүйнөсүн камтыган ырым-жырымдар көргөзүлөт.

Салт – бул эне бешик ырын ырдаганда, кыз узатуудагы кошоктордо көрүнөт. Салт – маданияттын негизи. Ал ырда, обондо, аспаптарда, музыкалык искусстводогу чыгармаларда жашайт. Долбоордун концерттик программалары салттуу маданияттын уникалдуулугун жана тереңдигин заманбап форматта жеткирүү менен дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстандын бай маданий мурасын таанытуу максатын көздөйт. Аталган фестивалдын программасы бир катар тематикалык жайларды камтыйт. Алар кыргыз элинин салттуу жашоо образын жана бай маданиятын толук көрсөтүүгө багытталган.

Ошондой эле кыргыздын салтындагы салбуурун шырдактар жана улуттук оймо-чиймелерди камтыган улуттук инсталляциялар көрсөтүлөт. Бардык сахналар байыркы кыргыздын оюлары менен кооздолот. Себеби, кадам сайын кыргыздын этностук өзгөчөлүктөрү, биздин дүйнөбүздүн, жашообуздун деми катары билинип, сезилип туруусу абзел.

Бардык аткаруулар жандуу болот. Фонограммалар айрым театралдык элементтерди күчөтүү үчүн гана колдонулушу мүмкүн, бирок музыканын негизи ар дайым нукура жана жандуу болот. Себеби, нукуралуулук салттуу музыкалык искусствонун негизги талаптарынын бири.

Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борборунун жетекчиси, профессор Роза Аманова мындай иш-чаралар буга чейин эле байма-бай өткөрүлүшү керектигин айтат.

WhatsApp Image 2025-07-30 at 17.13.54 (3).jpeg

“Эл аралык Салттуу музыка жана бий кеңешинин президенти, Малайзиянын Илим Университетинин профессору Тан Суи Бенг айым да бизге биринчи жолу келип жатат. Бул чынында эле тарыхый окуя. Келген коноктордун басымдуу бөлүгү Кыргызстан тууралуу биринчи жолу угуп, бул жакка алгач ирет келип жатышат. Албетте, бул өлкөбүздүн маданий имиджинин дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлүп жатканынан кабар берет. Мындай маданий иш-чаралардын санын көбөйтүү керек. “Рух санатты” дагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюну сыяктуу улуттук брендге айлантуу абзел. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашыбыз керек. Бул иш-чарага дүйнөлүк деңгээлдеги илимпоздор катышууда. Алар жазган ар бир илимий эмгек – өзгөчө мааниге ээ. Биз азыр көбүнчө блогерлерге көңүл буруп жатабыз. Алар, негизинен, жеген тамагын же түнөгөн жайын гана жазышат. Башкача айтканда, үстүртөн жана кыскача гана баяндашат. Ал эми окумуштуулар болсо этностун өзгөчөлүгү эмнеде? Анын уникалдуулугу кайсы? Иденттүүлүктүн өзөгүн эмне түзөт? – деген сыяктуу маанилүү суроолордун үстүндө иштешет.

WhatsApp Image 2025-07-30 at 17.13.54.jpeg

Алардын илимий анализи келечекте тарыхый булак катары баалуу материал болуп калат. Ошондуктан дүйнөлүк деңгээлдеги илимпоздордун биздин өлкөгө келиши - бул тарыхый окуя. Менимче, ар бир иш-чара эң жогорку профессионалдык деңгээлде өткөрүлүшү керек. Биз тарыхый мурастарыбызды салттуу музыка аркылуу тааныта алабыз. Комузда ойногон өнөрпоздорду айрымдар цирктеги көрсөтүү катары кабыл алышат. Бул чоң жаңылыштык. Бул вейбербалдык тил. Биз абдан байыркы элбиз. Салттуу музыка аркылуу байыркы тарыхыбызды жеткирип жатабыз. Кээде сөз жеткире албаган сезимдерди музыка аркылуу айтууга болот. Жалпысынан айтканда мындай иш-чаралар өлкөнүн маданий тармакта имиджин көтөрүүдө, туристтерди өлкөгө чакырууда абдан чоң роль ойнойт”, - деди ал.