Кыргызстанда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тармакты санарип форматка өткөрүү ишин тездетүүдө. Учурда 35 санариптик долбоор иштеп, алардын 16сы быйылкы жылы башталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине министрдин орун басары Асель Кененбаева билдирди.
Санариптик платформалар жана реестрлер
Министрликтин курамында 5 департамент жана 3 кызмат бар. Алардын ар биринде мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу иштери жүрүүдө. Жалпы 26 кызматтын ичинен 10дон ашууну санарип форматка өткөрүлдү.
Фермерлердин электрондук реестринин жана жер, суу, мал, кайра иштетүү жана айыл чарба активдери тууралуу маалыматтарды бирдиктүү базага топтогон айыл чарба ресурстарын каттоо реестринин паспортунун түзүлүшү да негизги жаңылыктардын бири болду. Натыйжада муну менен мамлекет фермерлерге так жана натыйжалуу жардам көрсөтө алат.

“Санарип дыйкан” - фермерлер үчүн жаңы колдонмо
Жакында ишке кире турган “Санарип дыйкан” мобилдик тиркемеси фермерлерге төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет:
- бардык мамлекеттик кызматтарды онлайн алуу (каттоо, лицензия, сертификат ж.б.);
- гранттар, жеңилдетилген насыялар жана үрөндөр боюнча маалымат алуу;
- мамлекеттик колдоо чараларын жана жаңы агро долбоорлорду көзөмөлдөө.
Кененбаеванын айтымында, тиркемени сыноо этабы жыл аягында аяктап, андан кийин бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болот.
QR-коддор аркылуу продукцияны көрүү
Мал чарбачылыгында эт продукциясына QR-код системасы киргизилген.
Эми жарандар эт сатып аларда кодду сканерлеп, малдын кайдан келгени, союлган күнү, ташылып келиши жана баасы тууралуу маалымат ала алышат.
QR-коддор жооптуу соода түйүндөрүндө жана базарларда жайгаштырылган. Кийин бул система сүт, жашылча-жемиш, дан жана бал сыяктуу башка продукцияларга да жайылтылат.

“3+2” программасынын — “30+20” болуп жаңыртылды
Мурдагы “3+2” программасы кеңейтилип, “30+20” аталышындагы ири долбоорго айланды. Ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- өсүмдүк чарбасында 30 долбоор;
- мал чарбачылыгында 20 долбоор;
- кайра иштетүү тармагында 10 демилге.
Долбоор өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө, логистиканы жакшыртуу жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган. QR-технологиялардын жана электрондук сертификациялоонун жардамы менен керектөөчүлөр жана чет өлкөлүк өнөктөштөр продукциянын талаадан сатуучу жайга чейинки жолун көрө алышат.
Сапатты көзөмөлдөө жана маалымат алмашуу
Министрлик импорттолгон продукциянын сапатын көзөмөлдөө үчүн санариптик платформа иштеп чыгууда.
Бул система товарлардын өлкө ичиндеги кыймылын көзөмөлдөп, башка мамлекеттер менен маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк берет. Ушуга жараша мыйзамдык актыларга өзгөртүүлөр киргизилип жатат.
Кыргызстандын агрардык секторунун санариптик кызматтарга өтүүсү министрликтин административдик мекеме катарындагы ролун азык-түлүк жана айыл чарба өндүрүшү боюнча маалыматтарды талдап, башкарган интеллектуалдык борборго айланып жатканын билдирет.

Санариптик кызматтарга өтүү министрликтин ролун өзгөртүп, аны жөн гана башкаруучу органдан маалыматтык жана аналитикалык борборго айлантууда.
Эгер аталган долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылса, өлкө төмөнкү натыйжаларга жете алат:
- айыл чарба ресурстарынын толук санарип картасы түзүлөт;
- продукциянын келип чыгышы толук көзөмөлдөнөт;
- фермерлерге болгон административдик жүк азаят;
- экспорттук базарларда керектөөчүлөр менен өнөктөштөрдүн ишеними жогорулайт.
Айыл чарбасын санариптештирүү — өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун жана аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн негизги куралдарынын бири боло алат.