Өлкөнүн айлана-чөйрөнүн өзгөрүүлөрү боюнча онлайн атласы ишке берилет

Бишкектеги иш-чаралар Загрузка... 26 Март 2025 13:37
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous

Бишкек 26.03.25 /Кабар/. Мындан ары Кыргызстандын айлана-чөйрөсүнүн өзгөрүүсү жөнүндөгү улуттук атластын жаңыртылган жана санариптештирилген варианты иштелип чыгат. Учурда бул долбоор акыркы баскычында турат. Бул тууралуу атластын жергиликтүү жана эл аралык түзүүчүлөрү уюштурган бүгүнкү жолугушууда белгилүү болду.

Айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү аркылуу маалыматтарды оңой алуу жана алдын ала болжолдоолорду, талдоолорду жакшыраак жүргүзүү долбоордун максаты болуп саналат.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Кубат Касейиновдун айтуусу боюнча, Кыргызстандын географиялык атласы 1960-жылы түзүлүп чыккан. 60 жылдан бери өзгөртүүсүз колдонулуп келет.

”Бул өзүнө Борбор Азияны камтыган регионалдык чоң долбоор болуп саналат. Атластын жаңыланган маалыматтары изилдөөчүлөргө, мамлекеттик органдарга жана жарандык коомго экологиялык маселелерди жакшыраак түшүнүүгө жана андагы маселелерди чечүүгө жардам берет. 2019-жылдан бери бул долбоорго катышкан өлкөлөрдө атласты түзүү боюнча семинарлар, жолугушуулар уюштурулуп келди. Адистердин потенциалын жогорулатуу максатында окутуулар жүргүзүлүп, 23 адисибиз атайын билим алышты. Жакынкы айларда атлас колдонууга берилет”, – деди.

Долбоордун демилгечиси БУУнун Жаратылышты коргоо программасы (ЮНЭП). Ал эми түзүүчүлөрү: Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, КРнын Озон борбору, Россиянын Мамлекеттик университетинин география факультети жана аталган өлкөнүн Улуттук илимдер академиясынын География институту.