Өлкөдө ушул жылдын март айында мунай иштетүүчү завод ишке кирет

Экономика Загрузка... 26 Февраль 2025 14:46
337584.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда быйыл жазында мунай иштетүүчү завод ишке кирет. Бул тууралуЭнергетика министрлигине караштуу энергетикалык ишканалар менен мекемелердин 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн жыйынында белгилүү болду.

Маалыматта айтылгандай, «Түндүк Сох» жана «Чоңгара Гүлчө» кендеринде мунай жана газды казып алуу үчүн №2 лицензиялык келишим алынган. «Кыргыз-Түрк К-Нефтегаз» ААК жана «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте мунай скважиналарында оңдоо жана даярдоо иштери жүргүзүлүп, учурда нефтини кайра иштетүүчү заводдун курулушу 95%га бүттү.

Белгиленгендей, заводду толук ишке киргизүү 2025-жылдын март айына пландаштырылган. Учурда 7 скважинадан нефть чыгарылып жатат. Бүгүнкү күндө 200 тонна мунай өндүрүлдү. Учурда 42 кызматкер эмгектенет. Долбоор толук ишке киргенден кийин 350-400 жумушчу орун түзүлөт.