Кочкор-Атада мунай иштетүүчү жаңы завод ишке кирет

Аймак
Кочкор-Атада мунай иштетүүчү жаңы завод ишке кирет
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Кочкор-Ата шаарында жылына 450 миң тонна мунай заттарын кайра иштетүүгө жөндөмдүү жаңы мунай иштетүүчү завод куруу боюнча инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын активи жана тургундары менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, ишкана жыл аягына чейин толук кубаттуулукта ишке кирип, 300гө жакын жумуш орунун түзөрү күтүлүүдө.

Президент ошондой эле Майлуу-Суудагы электролампа заводун калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

"Ишканага 2022-жылдан бери колдоо көрсөтүлүп келет. Ал эми Майлуу-Суу индустриалдык паркын түзүү инвестиция тартууга, жаңы өндүрүштөрдү ачууга жана заманбап технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөт", — деди Садыр Жапаров.