Өлкөдө санариптик сабаттуулукту жогорулатуу программасы жайылтылат

Санарип Кыргызстан Загрузка... 18 Март 2026 10:30
WhatsApp_Image_2025_Xw9HmLh.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.03.26 /Кабар/. Өлкөдө санариптик сабаттуулукту жогорулатуу программасы жайылтылат. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Анын айтымында, акыркы убактарда маалыматтык технологиялар өтө тездик менен өнүгүп жаткандыктан, санариптик сабаттуулукту жогорулатуу зарылдыгы келип чыгууда.

“Маалыматтык технологиялар абдан бат өзгөрүп, куралдары алмашып жаткандыктан, мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жана калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатып турушубуз керек. Анын алкагында өлкөдө окутуу иштери жүргүзүлөт. Буга чейин аймактарга барып мамлекеттик кызматкерлерди, анын ичинде акимдерди, жетекчилерди чогултуп окутуп келген болсок, 2026-жылдан баштап программаны өзгөрттүк. Себеби биринчи ыкманын жыйынтыгы ойдогудай болгон жок. Атап айтканда, мындан ары элди чогултуп алып окутуу иштерин жүргүзүүгө өтүп жатабыз. Алгач Ош жана Баткен облустарында окутуулар башталды. Натыйжалары жакшы болуп, программаны башка аймактарга да жайылтуу пландалууда", — деди министр.

Ал белгилегендей, акыркы жылдары өлкө санариптик трансформация боюнча алдыңкы орундарга чыгып, санариптештирүүнүн эң жакшы пайдубалын түзүүгө жетишти.

Анын сап башында мамлекеттик органдар маалымат алмашуучу жана өлкө эли мамлекеттик кызматтардан пайдалануучу “Түндүк” платформасы турат.