Кыргызстан жазгы себүүгө 96,2% үрөн менен камсыз болду

Коом Загрузка... 10 Апрель 2026 13:30
WhatsApp_Image_2026_UwOdXHG.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Жалпы республика боюнча бүгүнкү күндө 64,1 миң тонна үрөн топтолуп, камсыздоо деңгээли 96,2% түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бул көрсөткүч жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүүгө толук мүмкүнчүлүк бар экенин көрсөтөт.

Негизинен өлкө боюнча үрөнгө болгон муктаждык 66,6 миң тоннаны түзөт.

Аймактар боюнча караганда, көпчүлүк облустарда камсыздоо деңгээли 97–100% чегинде болуп, үрөн жетишсиздиги боюнча тобокелдиктер жокко эсе:

  • Ош облусунда камсыздоо – 99,5%;
  • Жалал-Абад облусунда – 97,5%;
  • Баткен облусунда – 99,7%, (арпа - 100%);
  • Чүй облусунда – 98,5%;
  • Ысык-Көл облусунда – 94,1%;
  • Нарын облусунда – 88,0%.