Бишкек, 29.10.25 /Кабар/. Бүгүн саат 11:17де өлкөдө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Алдын ала маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Каракол шаарынан чыгышка карай 165 чакырым аралыкта жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөө анчейин сезилген жок.