Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана гендердик саясат боюнча чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башкы адиси Сезим Айдакеева өлкөдө үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулук боюнча кырдаалдын кандай өзгөргөнүн, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кандай чаралар колдонулуп жатканы жана аялдар менен балдарды коргоо үчүн жаңы долбоорлор кандай иштелип жатканын айтып берди.
— Сезим Туратбековна бүгүнкү күндө адистер үй-бүлөлүк зомбулуктун негизги себептерин кандайча аныкташат?
— Негизги себептери ар түрдүү жана көп кырдуу, аларга психологиялык, социалдык жана экономикалык факторлор да кирет. Балалыкта сүйүү жана көңүл буруунун жетишсиздиги, бала чагынан зомбулуктун терс таасири, психикалык оорулар, агрессордун жеке мүнөздөмөлөрү, ошондой эле алкоголизм, билимдин жана маданияттын төмөндүгү, экономикалык абалдын начарлыгы чоң роль ойнойт. Мындан сырткары, бийликке жана көзөмөлгө умтулуу, өзүн төмөн баалоо, баарлашуудагы кыйынчылыктар да маанилүү ролду ойнойт.
— Азыр кризистик борборлордо кандай кызматтар көрсөтүлөт?
— Республикада үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдар үчүн 16 кризистик борбор иштейт, анын ичинде Бишкек менен Нарын шаарларындагы эки муниципалдык кризистик борбор («Аялзат», «Асылзат»). Кризистик борборлордо убактылуу баш калкалоочу жайлар бар. Ал жерде медициналык, психологиялык, юридикалык жана социалдык кызматтар көрсөтүлүп, жапа чеккендерге убактылуу жашоо жайы берилет.
— Алыскы же айылдык аймактарда жардамга жетүү көйгөйлөрү кандай чечилип жатат?
— Бүгүнкү күндө республикалык масштабда ар бир айыл өкмөттө үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча туруктуу иштеген жергиликтүү комитеттер түзүлгөн.
Комитеттердин курамына төмөнкүлөр кирет:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү;
- аймактык мамлекеттик органдардын билим берүү, саламаттык сактоо, ички иштер, социалдык өнүгүү жана юстиция башкармалыктарынын өкүлдөрү;
- жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрү;
- Жжарандык коом уюмдары (аялдар кеңеши, жаштар кеңеши, өкмөттүк эмес уюмдар, кризистик борборлор ж.б.).
Комитеттин негизги максаты – үй-бүлөлүк зомбулукту жана үй-бүлөдө аялдар менен кыздардын укуктарынын сактоо.
— Эмгек министрлиги кризистик борборлорго кандай колдоо көрсөтөт?
— Министрлик жыл сайын мамлекеттик социалдык буйрутма аркылуу үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга кызмат көрсөткөн кризистик борборлорго колдоо көрсөтөт. Конкурка үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдар менен кыздарга жардам берген бардык кризистик борборлор катыша алат.
2025-жылдын мамлекеттик социалдык буйрутмада төмөнкү багыттар боюнча конкурстар жарыяланган:
- Үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан жабыркагандарга жана адам сатуунун курмандыктарына социалдык колдоо, анын ичинде жумушка орношуу жана кесиптик адаптация.
- Үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка кабылган аялдар менен балдарга убактылуу коопсуз баш калкалоочу жайларды камсыздоо.
- Зомбулуктун алдын алуу максатында маалымдоо – билим берүү кампанияларын өткөрүү.
- Үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан, адам соодасынан жабыркагандарга ишеним телефон аркылуу психологиялык жардам көрсөтүү.
- Калк арасында ГАЛС ыкмаларын окутуу аркылуу зомбулуксуз жүрүм-турумду жана зомбулуктун бардык түрлөрүнө чыдамсыздыкты калыптандыруу.
- Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга жана адам сатуунун курмандыктарына "Бирдиктүү терезе" аркылуу комплекстүү жардам көрсөтүү.
- Аялдардын салттуу кол өнөрчүлүк жана жаштардын демилгелерин (стартапты) колдоо.
— Эмгек министрлиги жабыркагандарга комплекстүү жардам көрсөтүүнү кантип уюштурат жана ал "Бирдиктүү терезе" аркылуу кандай иштейт?
— Азыр министрлик үй-бүлөлүк гендердик зомбулуктан жабыр тарткан аялдар жана кыздар үчүн медициналык, консультациялык, социалдык, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүү иштерин жүргүзүп жатат. Андан сырткары өнүгүү өнөктөштөрү менен бирдикте «Бирдиктүү терезе» аркылуу жапа чеккендерге колдоо берүү борборун ачуу боюнча иштер жүрүүдө.
Бул борбордун максаты ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, сексуалдык зомбулуктан жапа чеккендерди комплекстүү реабилитациялоо жана аларды коомго, үй-бүлөгө кайра интеграциялоо.
Борбор социалдык, медициналык, иликтөөчү, сот-медициналык эксперттик, юридикалык, консультациялык жана психологиялык жардамды бириктирип, "Бирдиктүү терезе" форматы аркылуу үй-бүлөлүк зомбулуктан жана башка зомбулук түрлөрүнөн жабыркагандарга кызмат көрсөтөт.
— Ишеним телефон линиялары кантип иштейт жана канча адам психологдон жардам сурайт?
— Азыркы учурда мамлекеттик социалдык заказдын алкагында 117 ишеним телефону Бишкек шаарында пилоттук режимде ишке киргизилүүдө. Ал үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан, адам соодасынан жабыркагандарга психологикалык жардам көрсөтүү үчүн иштелип чыккан.
— Зомбулуктан коргоо тармагындагы адистер үчүн кандай окутуулар өткөрүлөт?
— Министрлик регионалдык бөлүмдөрдүн кызматкерлерин, жергиликтүү комитеттердин мүчөлөрүн жана кризистик борборлордун өкүлдөрүн үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча потенциалын жогорулатуу максатында пландуу семинарларды өткөрүп турат.
Ошондой эле социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, ички иштер органдарынын кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үчүн жарандык эмес уюмдар менен бирге билим берүү иш-чаралары уюштурулат.
— Эмгек министрлиги башка мекемелер, мисалы, Ички иштер министрлиги же Саламаттыкты сактоо министрлиги менен үй-бүлөлүк зомбулук маселесинде кандай кызматташат?
— Министрлик өнүгүү өнөктөштөрү менен бирге үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөтүүнүн жана кызмат көрсөтүүнүн минималдуу стандарттарын иштеп чыккан.
Бул социалдык стандарттар КР Конституциясына, "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана жоопкерчилик жөнүндө" мыйзамга, "Кыргыз Республикасынын социалдык кызмат көрсөтүүнүн негиздери жөнүндө" мыйзамына, "Кепилденген мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө", "Ден соолугу чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө", "Кыргыз Республикасында кары адамдар жөнүндө" мыйзамдарына ылайык даярдалган.
Стандарттарда мекемелер аралык өз ара аракеттенүү жана кызматташуу каралган.
Жапа чеккендер үчүн комплекстүү жардам көрсөтүүдө алардын муктаждыктары бааланып, тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү бийликке жана башка уюмдарга багыттама берилет.
Жабыркагандарга берилген багыттама бланкы эки нускада толтурулуп, бир нускасы жабыркаган адамдын өзүнө берилет, экинчи нускасы кызматкерлерде сакталат жана жардамдын жыйынтыгын көзөмөлдөөгө колдонулат. Багыттама алынган жакта кирүүчү документ катары эсептелип, Кыргызстандын иш жүргүзүү боюнча үлгү нускамаларына ылайык жүргүзүлөт.
— Соңку жылдары Кыргызстанда үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулук жагдайы кандай өзгөрдү? Позитивдүү динамика барбы?
— 2024-жылдын 7-августунда №161 токтом аркылуу "Үй-бүлөлүк, гендердик жана сексуалдык зомбулук боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам кабыл алынды. Бул мыйзам үй-бүлөлүк зомбулукка каршы чараларды күчөтүп, жапа чеккендерге кошумча колдоо көрсөтүүнү камсыз кылат.
Мурда үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча 17 субъекти бар болчу, өзгөрүүлөрдөн кийин алардын саны 19га жетти:
- коргоо жана күзөт ишин жүргүзүүчү субъекттерге пробация органдары, жазаны аткаруу органы, Кыргыз Республикасынын президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кошулду;
- үй-бүлөлүк зомбулук кылган адам зомбулуктуу жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча коррекциондук программадан өтүүгө милдеттүү болду. Бул программаны пробация жана жазаны аткаруу департаменттери жүргүзөт;
- зомбулук кылган адам 40тан 100 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылышы же 2ден 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн;
- убактылуу коргоо ордери милдеттүү түрдө 30 күнгө берилет (мурда ал болгону 3 күнгө берилчү).