Өлкөдө эки күндө 186 мас айдоочу кармалды - "Рулда" рейди

Коом Загрузка... 16 Февраль 2025 15:14

Бишкек,16.02.25./Кабар/. Кыргызстанда  14-15-февралда жүргүзүлгөн “Рулда” аталышындагы  рейддин жүрүшүндө 186 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында рейд жол кырсыктарынын алдын алуу жана коомдук тартипти камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө. Эки күндө жол эрежесин одоно бузган 6 802 айдоочулар аныкталды.

Анын ичинен:

  • мас абалында унаа башкарган 186 айдоочу;
  • тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 259 айдоочу;
  • ылдамдыкты ашырып айдаган 1072 айдоочу;
  • каршы тилкеге чыгуу менен унаа башкарган 98 айдоочу;
  • автоээнбаштык жасаган 7 айдоочу;
  • терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 36 айдоочу.

Ошондой эле жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн 1055 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген.