Өлкөдө бир жумада 271 мас айдоочу аныкталды

Коом Загрузка... 23 Июнь 2025 11:01
WhatsApp_Image_7ZnjgGd.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon ЖКККББ

Бишкек 23.06.25 /Кабар/. Өлкө аймагында 16-июндан  22-июнга чейин 21 миң 758 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 663;
  • мас абалында унаа башкаруу – 271;
  • терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 105;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 646;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 938;
  • авто ээнбаштык – 16;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 165;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 6;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9 660;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 288  унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.