Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Өлкөдө ашкере ысырапкорчулук байкаларлык кыскарды. Бул тууралуу борбор калаанын Октябрь районунун акиминин биринчи орун басары Майрамбек Адылбеков “Кабар” маалымат агенттигинин “Талдоо time” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, өлкө башчысынын жарлыгын ишке ашыруу максатында шаардык кеңеш сунуш катары жобо кабыл алган. Жободо ысырапкорчулукту чектөө боюнча конкреттүү чектөөлөр көрсөтүлбөсө да, ысырапккорчулукту кыскартуу жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоо багыттары каралган.
“Мындан тышкары, жергиликтүү муниципалдык администрация тарабынан токтом кабыл алынып, атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, рейддерди уюштуруп, мониторинг жүргүзүүдө. Мониторингдин жыйынтыгында, мурдагыга салыштырмалуу ысырапкерчиликтин азайышы байкалууда. Жамандык, жакшылыктын баары жарлыктын чыгышы менен байкаларлык кыскарды деп айта алам”,-деди ал.
Адылбеков белгилегендей, бул процестти толугу менен ишке ашыруу бир күндүк же бир жылдык иш эмес. Бул көп жылдаган убакытты талап кылуучу акырындык менен ишке ашкан процесс.