Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Кыргызстанда айыл чарба өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн 178 машина-трактор станциясы иштеп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Айылдык товар өндүрүүчүлөргө өз убагында жана сапаттуу механикалаштырылган кызматтарды көрсөтүү, лизингди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, айыл чарба тармагын жаңылоо жана техникалык модернизациялоо максатында 2016-жылдын март айынан бери өлкмөнүн аймактарында агротехникалык механикалаштырылган кызматтарды көрсөтүүчү машина-трактор станциялары уюштурулуп келет.
Бул чечим кабыл алынгандан бери республика боюнча жалпы 178 МТС түзүлүп, алардын ичинен 61и муниципалдык, 117си жеке менчик болуп саналат. МТСтердин карамагында болжол менен 4000 айыл чарба техникасы бар.
Аймактар боюнча МТСтердин бөлүштүрүлүшү төмөндөгүдөй:
- Нарын облусунда – 29;
- Ысык-Көл облусунда – 32;
- Ош облусунда – 19;
- Баткен облусунда – 10;
- Чүй облусунда – 38;
- Талас облусунда – 23;
- Жалал-Абад облусунда – 25.
МТСтер жер иштетүү, түшүм жыйноо жана башка агротехникалык кызматтарды көрсөтүп, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатып, фермерлерди колдоодо маанилүү роль ойнойт.