Ар бир айыл өкмөттө МТС түзүлүшү керек - министр

Коом Загрузка... 22 Март 2025 17:23
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.03.25. /Кабар/. Ар бир айыл өкмөттө машина-трактордук станция түзүлүшү керек. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Сокулук районунун жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди.

Министрдин айтымында, өлкөнүн ар бир районундагы айыл өкмөттөр жерлерди ижарага бербестен, жергиликтүү тургундар менен биргеликте айыл чарба кооперативдерин түзүп, МТСтин негизинде жерлерди иштетүү керек.

“МТСтер дыйкандарга 20%га арзан баада өз кызматын көрсөтүп жатат. Көпчүлүк жерде техника жетишсиздиктен агротехнология толугу менен аткарылбай канаттандыраарлык түшүмгө жетише албай жатабыз. Ушул көйгөйдү чечүүчү жолдорунун бири региондорго жергиликтүү МТСтерди түзүү. Эгерде түзүлгөн МТСтер фермерлерге өз убагында сапаттуу тейлөө көрсөтсө, агротехнологияларды толук аткарса, сапаттуу үрөн жана жер семирткичтерди колдонсо биздин дыйкан сөзүз түрдө жогорку көлөмдөгү түшүмгө жетишет”,-деди ал.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлиги жаңы түзүлүп жаткан МТСтерди жана биргелешип иштешкен дыйкандарды толук колдоого даяр.

“Себеби биргелешип иштешкенде дыйкандардын түшүмү бир стандартта болуп, керектүү көлөмгө жетип, экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Дыйкан өндүргөн продукция кайра иштетилип экспортко чыкканда гана, айыл чарбабыз өнүгүп дыйкандын кирешеси жогорулайт”,-деди министр.