Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Бүгүн, 18-мартка карата өлкөдө Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан 179,4 чакырым чарба аралык каналдарды тазалоо иштери аткарылды.
Ушул жылга карата ирригация объекттерин калыбына келтирүү жана оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 4,8 млрд сом, таза суу объекттерин курууга 2 млрд сом каржылоо пландалууда.
"Бул каражатка 500 чакырым каналдарды оӊдоо жана тазалоо, 500,0 миң чарчы метр каналга бетон полотносун төшөө, 755 гидротехникалык курулмаларды, 200 суу өлчөөчү постторду, 91 насостук станцияларды, 156 насостук агрегаттарды оңдоо жана калыбына келтирүү, 40 насостук агрегатты жаңылоо, 272,0 км коллектордук-дренаждык системаны тазалоо пландалды", - деп айтылат маалыматта.
2025-жылга карата 1 млн 22 миң га сугат айдоо жерлерин орточо 4-5 жолу сугаруу үчүн 6,8 млрд куб метр суу берүү пландалды. Ошондой эле 20 миң га аянтка тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасы орнотулат.