Кыргызстанда биринчи сугат мезгили ийгиликтүү аяктады

Коом Загрузка... 19 Июнь 2025 16:10
751f7c33-25b0-4aed-b6d2-9805514f9fc7.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Кыргызстанда биринчи сугат мезгили аяктады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, айрым учурларда гана сугат суусунун жетишсиздиги байкалбаса, жалпысынан өлкө боюнча биринчи сугат мезгили ийгиликтүү өттү. Өз убагында ички чарбалык каналдар тазаланып, суу сактагычтарга керектүү көлөмдөгү суу топтолгон.

Министрлик дыйкан-фермерлердин экономикалык жактан чыгымга учурабашы үчүн сууну үзгүлтүксүз, өз убагында берүүгө бардык аракеттерин жумшады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1 млн 23 миң гектар сугат жер бар. Бул жерлерди суу менен камсыз кылууда 3,5 миңдей суу чарба кызматкерлери райондук, облустук деңгээлде иш алып барууда. Дыйкандарды үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо максатында президенттин тапшырмасы менен учурда 100 суу сактагыч куруунун үстүндө иштер жүрүүдө. Азыр бардык облустарда ондогон суу сактагычтардын долбоорлоо иштери аткарылууда. Быйыл 5 суу сактагычты дыйкандарга пайдаланууга берүү мерчемделген.

Ошондой эле 5 суу сактагыч ишке кирсе, 8 миң 129 га жер аянтынын суу менен камсыздалышы жакшырып, 5 миң 995 гектар жер өздөштүрүлөт.