Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. Өлкө аймагы боюнча 106 сууну суткалык жөнгө салуу бассейндери курулууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Элдик курултайда суу маселесин көтөргөн делегатка жооп берип жатып билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, 2-3 жыл мурда коюлган тапшырма бар. Муктаждыктарына жараша кезек-кезеги менен объекттер салынып жатат.
“Азыр 11-объект бүтүрүлдү. Дагы10 объект курулууда. Мунун баарын бир жылда жасап бүтүрө ала албайбыз. 4-5 жылда толугу менен бүтүрүп алсак, сугат суу маселеси болбойт. Союз мезгилинде гана курулган суу бассейндери менен эле келе жатканбыз”, - деди өлкө башчысы.