Өлкө башчы айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө кайрылды

Президент Загрузка... 28 Август 2025 15:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 28.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-августта Бишкектеги электробустар жана газ менен жүрүүчү автобустарды тейлөөчү жайдын ачылыш аземинде айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө кайрылды.

Мамлекет башчы айдоочуларды автобустарды аярлап айдоого, жол эрежесин сактоого, ал эми жүргүнчүлөрдү айдоочулардын эмгегин сыйлоого чакырды.

Мындан тышкары, президент аялдамалар көйгөйүнө токтолду. Ал айдоочуларга кайрылып, аларды айдоо маданиятын сактоого жана аялдамаларга токтогондо башка айдоочуларга тоскоол болбогудай жана тыгын жаратпагыдай токтоого чакырып, мындай жагдайга өзү да күбө болуп жатканын белгиледи.

Ал эми жүргүнчүлөргө болсо, коомдук транспорттун айдоочуларынын тынымсыз эмгегин баалоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Мен шаар ичинде өзүм дайыма машина айдап жүрөм. Бир күндө чыгып 4-5 саат шаар кыдырып келсем, 10-15 автобус аялдамада так ушундай көрүнүштү көрөм. Жетип-жетпей келип токтоп алат, аркасында 5-6 автобус күтүп турат, анын аркасында 20-30 жеңил машина күтүп турат. Ошондуктан кимиңер биринчи келип токтосоңор дагы тээ алды жагына барып токтогулачы, сураныч силерден. Көп болсо эл бир 20-30 метр жерге басып барып түшөт. Андан эл эч нерсе болуп кетпейт. Бирок артыңарда 4-5 автобуска орун калтырып токтосоңор “пробка” дагы болбойт", - деп баса белгиледи президент.

Садыр Жапаров ошондой эле жүргүнчүлөрдү айдоочулар менен урушпоону жана алардын эмгегин баалап, уруксат берилбеген жерге токтоп турууну талап кылбоону өтүндү.