Өлкөдө 22 питомникте мөмө-жемиштин көчөттөрү өстүрүлөт

Коом Загрузка... 16 Май 2025 16:28
pitomnik-rastenij-garden-flora.png
copyright icon WWW

Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында мөмө-жемиш көчөттөрүн өстүрүү менен алектенген 22 субъект расмий түрдө питомник макамын алган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Адистештирилген көчөтканалар өлкөнүн бардык аймактарында — Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарында иш жүргүзүшөт. Катталган питомниктердин жалпы аянты 275,5 гектарды түзөт.

Тизмеге ири кооперативдер менен катар, мөмө-жемиш көчөттөрүн — алма, алмурут, өрүк, алча, жүзүм, ошондой эле келечектүү өсүмдүк катары саналган бээристти (облепиха) өстүргөн жекече дыйкан (фермердик) чарбалар да кирет.

Питомник макамын алуу — бул көчөт өстүрүүчү чарбанын талаптарга ылайык иш алып барып жатканын тастыктаган расмий статус. Ал макам чарбада керектүү база, адистер жана сапаттуу көчөт материалдары бар экенин билдирет. Питомник макамына ээ болуу рынокко ишенимдүү чыгууга, багбанчылыкты өнүктүрүү программаларына катышууга жана керектөөчүлөрдүн ишенимин арттырууга шарт түзөт.