Өлкө аймагында күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүлүүдө

Коом Жүктөлүүдө... 11 Июнь 2025 09:27
фото НЭСК (12).jpg
фото НЭСК (6).JPG
фото НЭСК (5).JPG
фото НЭСК (4).JPG
фото НЭСК (2).jpg
фото НЭСК (1).jpg
Алдыга
Артка
фото НЭСК (12).jpg
фото НЭСК (6).JPG
фото НЭСК (5).JPG
фото НЭСК (4).JPG
фото НЭСК (2).jpg
фото НЭСК (1).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек 11.06.25 /Кабар/. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине туруктуу жана ишенимдүү энергетикалык инфраструктураны камсыз кылуу максатында комплексдүү даярдоо иштерин жүргүзүүдө.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" компаниясынан билдиришкендей, күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында төмөндөгүдөй иштер аткарылды:

  • 35-500 кВ чыңалуудагы 91 көмөк чордондордун жабдууларында;
  • 6-10/0,4 кВ чыңалуудагы 1029 трансформатордук көмөк чордондордо;
  • 354 км чакырым   35–500 кВ аба чубалгыларында;
  • 1 198 км чакырым   10–0,4 кВ аба чубалгыларында.

Ошондой эле учурда төмөндөгүдөй иштер жасалууда:

  • 298 көмөк чордондордун жабдууларында (35-500 кВ);
  • 8 623 трансформатордук көмөк чордондордо (6-10/0,4 кВ);
  • 2 873 чакырым   аба чубалгыларында (35-500 кВ);
  • 16 571 чакырым   аба чубалгыларында (10-0,4 кВ).

Мындан тышкары, имараттарды, курулмаларды, тейлөөчү унааларды оңдоо иштери, ошондой эле энергетикалык объектилерди суу-ташкынынан жана аба-ырайынын таасиринен коргоого багытталган чаралар да көрүлүүдө.

Бул аракеттер күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууну жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигин азайтууну көздөйт.