Лифт жана амфитеатр: Оштун Ишкаван айылына жаңы мектеп курулууда

Билим 2091 23 Апрель 2026 17:35
678723253_1468657174733327_8520458293173575491_n.jpg
678500921_1468657154733329_3580253706997683133_n.jpg
678785224_1468657244733320_952022647499332009_n.jpg
Алдыга
Артка
678723253_1468657174733327_8520458293173575491_n.jpg
678500921_1468657154733329_3580253706997683133_n.jpg
678785224_1468657244733320_952022647499332009_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Ишкаван айылына үч кабаттуу мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланууда. Мектеп заманбап үлгүдө курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да атайын шарттар каралат.

Анда 700 окуучуга ылайыкталган окуу класстары, лаборатория, ашкана, китепкана, 300 көрүүчүгө ылайыкталган амфитеатр тибиндеги жыйындар залы, лифт, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын даараткана жана 120 көрүүчүгө ылайыкталган спорт залы болот.

Учурда имараттын пайдубалын куюу иштери аяктап, жеринде 90 жумушчу иштеп жатат.

Белгиленгендей, эски мектеп 1990-жылдары кичи ишкана багытында курулуп, кийин мектеп катары пайдаланылып келген.