Бишкек, 17.01.26. /Кабар/. Бердибаев Улан Калыбекович Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Ал буга чейин Бишкек ШИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы кызматын аркалап келген жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктө чоң тажрыйбага ээ.
Бишкек ШИИББдин башчысы Азамат Токтоналиев жаңы жетекчини райондук башкармалыктын өздүк курамына тааныштырды. Ал жаңы жетекчинин алдына укук тартибин чыңдоо, бөлүмдөрдүн ыкчам-кызматтык ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, алдын алуу иштерин күчөтүү жана борбор калаанын Ленин районунун аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттерди койду.
Ленин РИИБдин мурдагы башчысы Азамат Байгазиев учурда Ички иштер министрлигинин карамагында турат.