Латвияда өлүм көрсөткүчү төрөлгөндөрдүн санынан ашты

Дүйнө Загрузка... 17 Июль 2026 18:20
000026_1784284059_791735_big.jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Латвияда 2026-жылдын алгачкы беш айында каза болгондордун саны төрөлгөндөрдүн санынан эки эсе көп болду. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук статистика башкармалыгынын маалыматына таянып, Белта жазды.

Маалыматка ылайык, январь–май айларында өлкөдө 4 миң 589 ымыркай жарык дүйнөгө келсе, ушул эле мезгилде 11 миң 448 адам каза болгон. Натыйжада каза болгондор менен төрөлгөндөрдүн ортосундагы айырма 6 миң 859 адамды түздү. Бул көрсөткүч былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу көбөйгөн.

Ошондой эле быйылкы беш айда төрөлгөн балдардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5 пайызга же 216 балага азайды. Май айында 947 ымыркай төрөлгөн, алардын 477си уул, 470и кыз болгон.

Мындан тышкары, өлкөдө ушул жылдын алгачкы беш айында 2 миң 396 нике катталып, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,8 пайызга же 591 никеге аз болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2026-жылдын 1-июнуна карата Латвиянын калкынын саны 1 миллион 833 миң адамды түзгөн.