Кызыл-Кыя шаарына ISUZU үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган 10 автобус берилет

Аймак Загрузка... 26 Февраль 2025 14:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Бүгүн Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунда кезектеги лизинг келишимине кол коюу аземи болуп өттү, бул Кызыл-Кыя шаарынын шаардык инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларды ачат.

Аталган фонддон билдиришкендей, келишимдин алкагында Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы Самарканд автозаводу Өзбекстанда чыгарылган 10 заманбап ISUZU жүргүнчү автобустарын алат. Бул автобустар шаардык транспорттун жаңылануу программасынын бир бөлүгү болуп, тургундарга шарт түзүп, коомдук транспорттун ыңгайлуулугун жана коопсуздугун жогорулатат.

Белгилей кетсек, бул келишим Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан биринчи долбоор эмес. 2023-жылы ушундай эле келишимдин негизинде Кызыл-Кыя шаары буга чейин ISUZU SAZ HC-40 үлгүсүндөгү 10 автобус жана 2 ISUZU FVR 34K таштанды ташуучу унаа алган.

"Лизинг долбоору дароо чоң чыгымдарды талап кылбаган, жабдууларды жаңыртуу жана инфраструктураны модернизациялоо үчүн жеткиликтүү жана натыйжалуу ыкма экенин көрсөтүп турат. Ийкемдүү каржылоо шарттарынын артында Кыргызстанда бизнес жана муниципалитеттер өз ишканаларын өнүктүрүп, тейлөөнү жакшыртып, заманбап технологияларды киргизе алышат",-деп айтылат маалыматта.