Кыргызстанда соңку жылдары кышкы туризм жанданып келе жатканы байкалат. Кыш мезгили келип, Ала-Тоо ак карга бөлөнөөрү менен тоо этектерине жайгашкан лыжа базалары жергиликтүү жана чет элдик меймандарды тарта баштайт. Германия, Австрия, Франция сымал Европа өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны арбын.
Белгилей кетсек, кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Андыктан, бул багытта алдыда аткарыла турган көптөгөн иштер пландалып жатат.
Кышкы эс алууга ылайыкташкан жайлар негизинен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан. Дээрлик бардык тоо лыжа комплекстери жана базаларында жабдууларды ижарага алуу мүмкүнчүлүгү жана окутуу үчүн тажрыйбалуу инструкторлор бар.
Кыргызстанда лыжа тебүү сезону ноябрь, декабрь айларында башталып, апрелдин башына чейин созулат. Бул ирет “Кабар” маалымат агенттиги Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова менен өлкөдөгү кышкы туризмдин быйылкы сезону, өлкөгө келген туристтердин саны, кандай шартта эс алып жатканы, туризм тармагындагы көйгөйлөр тууралуу маек курду.

- Бүгүнкү күндө кышкы туризм тармагында кандай көйгөйлөр бар? Буга чейин жол тармагы, жолдун абалы, инфрастуруктура жаатында да бир топ көйгөйлөр жаралып келген. Бул көйгөйлөр чечүү жолуна түштүбү?
- Туризм тарых, жаратылыш, каада-салт, инфратүзүм, социалдык, маданий көйгөйлөргө баш-оту менен кирген өзгөчө тармак. Көп кырдуу, татаал, орчундуу тармак деп да айтууга болот. Бир туристти тосуу дагы өлкө үчүн оңой-олтоң эмес. Бирок, ага карабай бизде туризм тармагындагы ар бир көйгөйдү чечүүгө болот. Болбойт деп айткандан алысмын, анткени жергиликтүү бийлик органдары, коомчулук, жергиликтүү тургундар көйгөйлөрдүн чечилишине чон өбөлгө болушат, муну менен катар жардам беришет. Биз жакында эле өлкөдөгү туризмди өнүктүрүү боюнча атайын долбоорду бекиттик. 2025-2030-жылдар арасында бир нече милдеттерди, максаттарды ишке ашырууну көздөп жатабыз. Ушул долбоордун ичинде сиз айтып жаткан инфратүзүмдү жакшыртуу жаатындагы иштер биринчи кезекте аткарылат. Кышкы туризм боюнча дүйнөдө чоң мүмкүнчүлүктөр болуп жатат. Өлкөнүн кышкы туризмин жайылтуу багытында бир эле тур операторлор, туризм департаменти эле иш алып барбастан, мамлекеттик деңгээлде иштер жүрүүдө.
Президент Садыр Жапаров да кышкы туризм канчалык баалуу-барктуу экенин даңазалап, айтып келет. Бүгүнкү күндө лыжа базаларын курууда, эски базаларды калыбына келтирүү, оңдоп түзөөдөн өткөрүү максатында чоң иштер аткарылып жатат. Мамлекеттик деңгээлде жүрүп жатат. Бул өзүнүн жемишин берет деген ишеничтебиз.

- Эс алуучуларды тейлөө жагы кандай өнүгүп жатат? Туристтерди сапаттуу тейлөө жаатында департамент тарабынан кандай иштер жүргүзүлүп турат?
- Кесиптик стандарттарда көйгөйлөр бар. Көйгөй жок деп айта албайм. Өзүңүздөр билгендей туризм күндөн-күнгө өнүгүүдө. Жыйырма жыл мурунку туризм кандай эле? Азыр кандай? Туризмдин өнүгүшү менен сөзсүз түрдө тейлөө жаатында дагы өнүгүү болушу керек. Азыркы эс алуучуларды тейлөө заманбап шарттарга, талаптарга жооп бериши керек. Туризм тармагындагы кесиптик стандарттарды өнүктүрүү зарыл.
Тейлөө маселеси бизде эле эмес, дүйнө жүзү боюнча кесипкөй адистерди ойлонтуп келе жаткан орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Туристтерди сапаттуу тейлөө жаатында департамент тарабынан иштерге токтолсом. Үстүртөн караганда бир топ эле иштер жасалууда. Түрк боордошторубуздун колдоосу менен тейлөө жаатындагы окутууларды үзгүлтүксүз уюштуруп келебиз.
Өзүңүздөр билгендей бизде Кыргыз-Түрк “Манас” университети бар. Биз бул окуу жай менен мыкты өнөктөшбүз. Окуу жайда туризм факультети бар, анда студенттер теория менен эле чектелбестен, тажрыйба, тейлөө жаатында да мыкты билим алышууда. Албетте, бул менен эле чектелбейбиз. Өлкөнүн ар бир аймагында эл аралык иш-чараларды да өткөрүп турабыз. Бирок, мамлекеттик структура катары биз көбүнесе мамлекеттик туризмди өнүктүрүү саясаты менен алектенебиз. Туризм жаатындагы мыйзамдарды жакшыртуу, токтомдорду иштеп чыгуу, долбоорлорду иштеп чыгуу биздин милдет.

- Кыргызстандын жалпы лыжа базалары туурасында айта кетсеӊиз, туристер үчүн кандай шарттар каралган?
- Кыш мезгилинде өлкөдө активдүү эс алуу салтка айланып бара жатат. Учурдан пайдаланып айтып кетким келет. Биздин эң биринчи кезекте турган жакынкы 5-6 жылда аткара турган максаттарыбыздын бири туруктуу туризмге жетишүү. Биз экономикабызды өнүктүрүп жатканда каражат маселеси каралып эле, экологияга, социалдык жана маданий факторго көңүл бурбай койбостон булардын баарын бирдей баланста алып кетүү керек. Ошондо туруктуу туризмге жетише алабыз. Туруктуу өнүүгүнүн тажрыйбаларын эске алуу менен пластикалык баштыктардан, бир жолу иштетиле турган идиш-аяктардан баш тартып экологияны сактоо керек. Сууну үнөмдөө керек, сууну иштетүүнү альтернативдик жолдорун иштеп чыгуу зарыл.
Ал эми туристтер үчүн жасалган шарттарга келе турган болсок. Шарттар жакшырды, заманбап талаптарга ылайыкташтырылды. Мисалы, бир ишкер быйыл 100 миң тапты. Ал мээнет менен тапкан 100 миң сомун жеке кызыкчылыктарына эле иштетип салбайт. Ишкер 100 миңди мындан дагы көбөйтүү керек деп, ыңгайлуу шарттарды карай баштайт. Шарттар күндөн-күнгө жакшырып баратат. Жөнөкөй жарандарга билинбеши мүмкүн. Бирок, туризм тармагында эмгектенип келе жаткан, адистерге бул бир караганда эле байкалат.

- Кышкы туризмдин сезону аяктап баратат. Былтыркы сезонго салыштырмалуу быйылкы сезондо кандай жылыштар бар? Быйыл туристтердин агымы кандай болду?
- Албетте, былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл кышкы туризм өнүгүү жолуна түшүп, алдыга жылганы байкалды. Өлкөдө кышкы туризмдин потенциалы өткөн жылга салыштырмалуу быйыл алдыга жылды. Туристтердин агымы да былтыркы жылга салыштырмалуу көп болду. Мен өзүм жыл сайын талдоо жүргүзөм. Былтыр бир-эки жолу кар жаап туристтердин агымы азыраак болгон. Быйыл деле 2-3 жолу кар жаады, бирок кардын көлөмү көбүрөөк болду. Синоптиктердин маалыматына караганда, февраль айынын соңунда дагы кар жаашы мүмкүн экен. Кар жааса дагы сезон уланып, туристтердин агымы дагы да көп болушу мүмүн.
Биз атайын туристтер үчүн сайт иштеп чыкканбыз. Ушул сайтта талдоо жүргүзүп турабыз. Кайсы мамлекеттен канча турист келди, сайтты ким карап атат, ким кызыгып окуп атат деген сыяктуу суроолорго жооп алуу үчүн. Буйруса, туризм жаатында өнүгүү жолундабыз.
