Кытайлык инвесторлор Кыргызстанда индустриалдык парк курууга кызыкдар

Министрлер кабинети 07 Февраль 2026 11:29
6986bec08879d.jpeg
6986becbede1a.jpeg
6986beca1f49c.jpeg
6986bec95a74b.jpeg
6986bec9cb706.jpeg
Алдыга
Артка
6986bec08879d.jpeg
6986becbede1a.jpeg
6986beca1f49c.jpeg
6986bec95a74b.jpeg
6986bec9cb706.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 07.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кытайлык “Миньшан” компаниясынын делегациясын кабыл алды.

Компаниянын өкүлдөрү электр приборлорун, анын ичинде турмуш-тиричилик техникасын чыгаруу боюнча аз көмүртектүү технологиялык индустриалдык паркты куруу боюнча инвестициялык долбоорду көрсөтүштү.

Белгиленгендей, компаниянын индустриалдык парктарды куруу боюнча тажрыйбасы бар жана Кыргызстанда тиешелүү парк түзүүнү максат кылууда.

Кыргыз тарап инвестициялык долбоорду ишке ашырууга кызыкдар экенин жана компанияга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.