Кытайдын энергетикалык компаниялары Кыргызстанда бир катар долбоорлорду ишке ашырууга даяр

Коом Загрузка... 10 Февраль 2025 16:31
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайга болгон иш сапарынын алкагында энергетика тармагында кызматташуу боюнча бир катар кытайлык компаниянын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, ал алгач "Кыргыз-Кытай Гидроэнерго Курулуш компаниясы" ЖЧКсынын негизги акционери Цянь Лююй менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Папан суу сактагычынын дамбасынын артында жайгашкан чакан ГЭСти куруу долбоорун ишке ашыруунун негизги аспектилери талкууланды.

Энергетика министри регионду туруктуу энергия менен камсыздоо жана Кыргызстандын гидроэнергетикасын өнүктүрүү үчүн долбоордун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал курулуш процессин тездетүү жана бардык процедураларды өз убагында бүтүрүү зарылдыгына токтолду. Атап айтканда, курулуш иштерин бүткөрүү жана объекти 2026-жылдын декабрына чейин пайдаланууга берүү планына басым жасалды.

Тараптар долбоорго байланыштуу административдик жана техникалык маселелерди чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун, ошондой эле энергетика тармагындагы мындан аркы кызматташууну талкуулашты. Министр долбоордун ийгиликтүү ишке ашарына ишенимин билдирип, бул объект Республиканын энергетикалык коопсуздугун чыңдоодо маанилүү кадам болоорун белгиледи.

Андан кийин China National Nuclear Corporation (CNNC) корпорациясынын башкы директорунун орун басары Чжан Кай жолугушуу өттү.

Жолугушууда энергетика тармагындагы кызматташтыктын перспективалары, анын ичинде стратегиялык маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды. Министр Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 400 МВт күн электр станциясынын курулушунун долбоорун өз убагында баштоо үчүн ички макулдашуу процедураларын тездетүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Бул долбоор кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында артыкчылыктуу болуп саналат.

Өз кезегинде CNNC өкүлдөрү Энергетика министрлигинин делегаттарын ишке ашырылып жаткан долбоорлорунун портфели менен тааныштырып, ошондой эле Кыргызстандын аймагында уран демилгелерин өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Кызматташуунун мүмкүн болгон моделдери, анын ичинде технологиялык алмашуу, инвестициялык өнөктөштүк жана илимий-техникалык өз ара аракеттенүү маселелери каралды.

Тараптар кызматташтыкты бекемдөөгө өз ара кызыкдар экендигин билдиришти жана энергетика секторундагы биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн мындан аркы диалогдун маанилүүлүгүн белгилешти.

КР Энергетика министрлигинин делегациясы таанышуу сапарынын алкагында Пекиндин Шоуду аэропортуна барды

Иш сапардын негизги максаты аэропорттун аймагында жайгашкан 26 МВт күн электр станциясын иштетүү тажрыйбасын изилдөө болду.

Анда Энергетика министрлигинин өкүлдөрү объекттин техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү менен кеңири таанышып, күн энергиясы тармагындагы алдыңкы технологияларды талкуулашты.

Сапардын алкагында Sun Energy Co компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Компания учурда Баткен облусунда кубаттуулугу 250 МВт күн электр станциясынын курулуш долбоорун ишке ашырууда.

Талкуулардын жүрүшүндө тараптар долбоордун учурдагы статусун, анын ишке ашыруунун негизги этаптарын жана мөөнөттөрдү оптималдаштыруу боюнча мүмкүн болгон чараларды кеңири карап чыгышты.

Келишимдердин жыйынтыгы боюнча долбоорду өз убагында аяктоо боюнча ички макулдашуу процедураларын тездетүү жана ишти активдештирүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Эки тарап кайра жаралуучу энергетика жаатында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти жана демилгени ишке ашыруунун бардык этаптарында тыгыз өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин ырасташты.

Ал эми кийинки жолугушуу кытайдын China Machinery Engineering Corporation (CMEC) компаниясынын электромеханикалык техниканын импорту жана экспорту боюнча генералдык директордун орун басары Сюэ Чжэюань мырза менен болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө CMEC компаниясы КР делегациясына өзүнүн долбоорлорун тааныштырып, мындан аркы жемиштүү кызматташууга ниетин билдирди.

Өз кезегинде энергетика министри Кыргызстандын энергетикалык секторунун абалы, инвестициялоонун перспективалары жөнүндө айтып берип, CMEC компаниясын Кыргызстандагы ири болдоорлорду ишке ашыруу үчүн биргеликте кызматташууга чакырды.

Ошондой эле Ибраев тармакка инвестиция тартуу жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү максатында Shongfuyan Group компаниясынын чет өлкөлөр менен кызматташуу боюнча башкы менеджер Ву Цай менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Тараптар жолугушуунун алкагында Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө кызматташууну талкуулашты. Компания күн электр станциясын курууга кызыктар экенин билдиришти

Анда министр Кыргызстандын жашыл энергетикага болгон потенциялы тууралуу маалымат берип, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн долбоорлорду ишке ашыруу багытында кызматташууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, кытайлык “Виндей” компаниясы менен эки тараптуу жолугушуу болду. "Виндей" компаниясынын КМШ боюнча башкы директору Яо Икуань жана Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча техникалык директору менен Фу Вэй тармакта жүрүп жаткан иштери жана келечекте аткарыла турган пландары боюнча талкууланды.

Министрдин эки тараптуу жолугушууларынын катарын "Beyondsoft" компаниясы толуктады. Аталган компаниянын директору Linda Wang Кыргызстанга Шамал станциясын курууга кызыктар экенин билдирди. Тараптар долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мындан аркы тыгыз кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Мындан тышкары, министр TBEA компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү, башкы директор Ли Бяньчу менен жолугуп, компаниянын ички түзүлүшү, андагы өндүрүлгөн энергетикалык техналогиялар менен жеринде таанышып чыкты.

Компания 2008-жылдан бери КР энергетика тармагында иш алып барат. Министр өз сөзүндө “Датка-Кемин” электр аба чубалгыларын куруу иштерин жүргүзгөндүгүн белгилеп, мындан кийин дагы Бишкеке шаарынын ЖЭБинин калган эски блокторун модернизациялоо иштерин жүргүзүү менен кошумча жылуулук кубатуулугун өндүрүү сунушун киргизди. Мындан ары 110 кВт кабельдик схемасын тартуу жана Жалал-Абад шаарынын аэропортундагы долбоорлорго катышууга чакырды.

Андан кийин энергетика министри президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов менен бирге кытайдын COVEC CHINA OVTRSEAS ENGINEERING GROUP CO.,LTD компаниясына барды.

Анда аталган компаниянын директорлор кенешинин төрагасы Цюй Тяньгэнь менен эки тараптуу жолугушуунун алкагында гидроэлектростанция маселелери талкууланды. Кыргыз Республикасыны энергетикалык потенцияла тууралуу министри маалымат берди. Андан кийин компания жетекчилиги иш кананын аткарган иши жана жетишкен ийгиликтери тууралуу маалымат берип, Кыргызстан менен кызматташууга кызыктар экенин билдирди. Тараптар жолугушуунун соңунда гидроэлектростанция жана чакан ГЭС куруу долбоорлорун баштоого мүмкүнчүлүк сунушун кызматташыууга даяр экендиги боюнча жыйынтыкка келишти.

Энергетика министри баштаган КР делегациясы Кытайга болгон иш сапарынын соңунда “MOLIN Energy Company Limited” компаниясынын төрагасы Ян Мэн менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Анда энергетика тармагындагы кызматташууну тереңдетүү жана шамал, күн электр сатнцияларын куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.