Камбар-Ата-2 ГЭСинин №1 гидроагрегатын оңдоо иштери уланууда

Коом 555 15 Октябрь 2025 15:30
564557688_803420715616239_3802395106855049174_n.jpg
564654658_803420822282895_4825660515489890257_n.jpg
564662942_803420398949604_8964157377536121553_n.jpg
565313627_803420802282897_4380329786882451837_n.jpg
565671137_803420625616248_2939995021302808365_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Камбар-Ата-2 ГЭСинде №1 гидроагрегаттын капиталдык оңдоосу жана 110 кВ ачык бөлүштүргүчтөрдү модернизациялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.

Модернизациялоо программасынын алкагында төмөнкү иштер жүрүп жатат:

  • Гидроагрегат №1ди толук капиталдык оңдоо;
  • Ротор полюстарын орнотуу жана негизги түйүндөрдү текшерүү;
  • Май муздаткычтарды тазалоо;
  • Турбиналык валды жана башка жабдууларды оңдоо;
  • 110 кВ бөлүштүргүчтөгү электр жабдууларды текшерүү жана сырдоо.

Мындан сырткары, станциянын аймагындагы унаа жолдор жана пристанциялык аймак дагы жаңыланууда. Жер казуу, бетон түп салуу жана конструкцияларды бекемдөө иштери аяктап калды.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул иштер ГЭСтин техникалык коопсуздугун камсыздап, күз-кыш мезгилине туруктуу даярдык көрүү максатын көздөйт.

Бардык жумуштар белгиленген графикке ылайык жүрүп жатат.