Бишкек, 09.09.26 /Кабар/. Кытайдын түштүк-чыгышындагы Цзянси провинциясында сел жүрүп, кеминде 12 адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 5-сентябрда Цзиань шаардык округунда эртең менен болгон. Учурда бир адам дайынсыз болууда.
Селдин кесепетинен сегиз үй толугу менен талкаланып, дагы төрт үй жабыркаган.
Кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштери уланууда. Ага 170тен ашык адам тартылган. Ошондой эле жолдорду бекемдөө жана кайрадан жер көчкү сыяктуу кырсыктардын алдын алуу боюнча инженердик иштер жүргүзүлүүдө.
Буга чейин аймакта “Саудель” тайфунунун таасиринен улам нөшөрлөгөн жаан жааган.