Кытайда мугалимдер ЖИ менен иштеген акылдуу тактаны колдонушууда

Дүйнө Жүктөлүүдө... 28 Июль 2026 09:10
b9c0274e-2f3a-4abb-a97c-e6ced8ce0b86.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Кытайдын Шанхай шаарында жасалма интеллектке негизделген Tongchuang AI Blackboard аттуу акылдуу такта тааныштырылды. Бул технология учурда өлкө боюнча 1 миллиондон ашык мугалим тарабынан колдонулуп жатканын Казинформ кабарлайт.

Жаңы система кадимки интерактивдүү тактаны толук кандуу санариптик жардамчыга айлантат. Ал компьютердик көрүү, үндү таануу жана табигый тилди иштетүү технологияларынын негизинде иштейт. Натыйжада такта сабак учурунда мугалимдин сөзүн угуп, жазылган маалыматтарды көрүп, аларды реалдуу убакыт режиминде талдай алат.

Ал кол менен жазылган тексттерди жана чиймелерди дароо таанып, аларды так формага келтирет. Ошондой эле эки өлчөмдүү сүрөттөрдү бир эле баскыч аркылуу үч өлчөмдүү моделге айландыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындан тышкары, мугалим сабак учурунда кошумча окуу материалдарын экран аркылуу оңой көрсөтө алат.

Системанын негизги бөлүктөрүнүн бири болгон Spark Teacher Assistant кызматы сабакка даярдык көрүү процессин автоматташтырат. Учурда платформанын күнүмдүк активдүү колдонуучуларынын үлүшү 70 пайызга жетет. Бүгүнкү күнгө чейин мугалимдер ар түрдүү сабактарды өткөрүү, талдоо жүргүзүү жана башкаруу иштерине арналган 5 миңден ашык атайын жасалма интеллект агенттерин түзүшкөн.

Мындан сырткары, система методист кызматын да аткарат. Ал тактадагы жазууларды, мугалимдин сүйлөгөн сөзүн жана окуучулардын катышуусун талдап, автоматтык түрдө кыскача лекцияларды жана жыйынтыктоочу отчетторду даярдайт. Бул мектеп жетекчилерине окуу процессин жакшыртуу үчүн так аналитикалык маалыматтарды алууга шарт түзөт.