Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу: Нарынга эл аралык транзит ачылат

Президент Загрузка... 21 Март 2026 12:05
706796_cbd50c9adb1fb9f9fae7880804df2de8.jpg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 21.03.26 /Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу аркылуу Нарынга эл аралык транзиттик байланыштар ачылат. Бул тууралуу Нарын жергесинде өтүп жаткан Нооруз майрамында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, Нарын облусуна 6 млрд 850 млн сомдук чет элдик инвестициялар келди.

"Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу бүтсө, эл аралык транзиттик байланыштар ачылып, анын эл аралык мааниси артат. Бир эле Нарын облусу эмес, жалпы Кыргызстандын экономикалык жана логистикалык потенциалы көтөрүлөт. Долбоор ишке киргенден кийин жүк ташуу убактысы кыйла кыскарып, жаңы рынокторго чыгууга кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылат", — деди президент.

Белгилей кетсек, учурда Нарын облусунда президенттин катышуусунда Нооруз майрамы белгиленүүдө.