Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу: 18 туннель жана 17 көпүрөнүн курулушу башталды

Министрлер кабинети 05 Декабрь 2025 16:35
6932adf98d641-thumb.jpeg
6932ad37c2ae4-thumb.jpeg
6932ad3a41ea4-thumb.jpeg
6932ad3bc79b2-thumb.jpeg
6932ad3c5d306-thumb.jpeg
6932ad34f0dc8-thumb.jpeg
6932ad48eb327-thumb.jpeg
6932ad399fcbd-thumb.jpeg
6932ad478b63e-thumb.jpeg
6932adfa4d15f-thumb.jpeg
6932adfbc2a90-thumb.jpeg
6932adfd84d76-thumb.jpeg
6932ae0177861-thumb.jpeg
6932ae0311236-thumb.jpeg
6932ad19edb14-thumb.jpeg
6932ad3193fa3-thumb.jpeg
6932ad33007a1-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6932adf98d641-thumb.jpeg
6932ad37c2ae4-thumb.jpeg
6932ad3a41ea4-thumb.jpeg
6932ad3bc79b2-thumb.jpeg
6932ad3c5d306-thumb.jpeg
6932ad34f0dc8-thumb.jpeg
6932ad48eb327-thumb.jpeg
6932ad399fcbd-thumb.jpeg
6932ad478b63e-thumb.jpeg
6932adfa4d15f-thumb.jpeg
6932adfbc2a90-thumb.jpeg
6932adfd84d76-thumb.jpeg
6932ae0177861-thumb.jpeg
6932ae0311236-thumb.jpeg
6932ad19edb14-thumb.jpeg
6932ad3193fa3-thumb.jpeg
6932ad33007a1-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.12.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Төш-Кутчу жерлигиндеги Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун тилкесиндеги туннелдин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Министрлер кабинетинин башчысына жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери тууралуу маалымат берилди. “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу Торугарт – Арпа – Кош-Дөбө – Макмал – Жалал-Абад (304,94 км) багыты боюнча өтөт. Торугарт – Макмал (160 км) тилкесинде 1435 мм темир жол изи, ал эми Макмал – Жалал-Абад (145 км) бөлүгүндө 1520 мм темир жол изи колдонулат. Макмал районунда жүктөө станциясын жана логистикалык борборду түзүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Курулуш иштерине 5695 техника жана 5 миңден ашык адам тартылган. Жалпысынан пландаштырылган 29 туннелдин 18инин, 50 көпүрөнүн 17синин, 602 суу өткөргүчтүн 28инин курулушу башталды.

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев стратегиялык инфраструктуралык долбоорду сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.