Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Өлкөнүн кооз жаратылышы жайында гана эмес, кышында да туристтерди өзүнө тартат.
Туризм департаменти кышкы туристтик мезгилди ийгиликтүү өткөрүү максатында 2024-2025-жылдарга карата кышкы туристтик мезгилди уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын кабыл алган. Ага ылайык, тийиштүү министрликтер жана ведомстволор менен биргеликте кышкы туристтик мезгилде эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу, аймактарда кышкы жарманке, фестиваль, форум жана башка иш-чаралар өткөрүлдү.
Кыргызстанда лыжа тебүү сезону ноябрь, декабрь айларында башталып, март айынын аягына чейин созулат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 20дай кышкы тоо лыжа базасы бар. Жылдан жылга өлкөгө КМШ жана Европа мамлекеттеринен келген туристтердин саны артууда.

Мамлекет тарабынан кышкы туризмди өнүктүрүү максатында аймактарда ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Аларды атап кетсек, Ысык-Көл облусундагы “Үч чоку”, Чүй облусундагы “Baytik Mountain Resort”, Жалал-Абад облусундагы “Chatkal Resort” сыяктуу жыл сайын иштей турган тоо курортторунун долбоорлорун ишке ашырууга киришти.
“Үч чоку” курортук кластери Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан Боз-Учук, Ак-Булак жана Жыргалаң тоолорунда орун алат. Жалпы эсеп менен 285 километрден турган лыжа трассалары, 4 500 орундуу мейманканалар, 1343 орундуу апарттаменттер, 75 коттедж жана башка инфраструктура каралган. Эксперттердин айтуусунда, бул кластерге жылына 5 млн турист келе алат.

“Baytik Mountain Resort” курорту Бишкектен 30 километр аралыкта жайгашат. Мастер-план боюнча жалпысынан 50 чакырымдан ашык лыжа трассалардан, 13 асма жолдордон (канатная дорога), 9 бугель асма жолдор, 1500 адамга эсептелген 10 ресторан, 800 адамга эсептелген 5 отель, 150 эс алуу апартаменттер жана 200 үйлөрдөн турган комплекс болот. Бул курорттун күнүмдүк кабыл алуу жөндөмдүүлүгү 10 миң лыжа сүйүүчүлөргө чейин болот.

“Chatkal Resort” курорту Чаткал районунундагы Каныш-Кыя айылынан 40 километр жана өзбек чек арасына чейин 56 км аралыкта орун алат. Курорттун жалпы аянты 2 миң гектардан ашат. Анын аймагында 30 километрден ашкан лыжа трассалары, 5 асма жолдор, 600 орундуу 4 ресторан, 300 орундуу 3 отель жана 600 орундуу 150 эс алуу үйлөрүн куруу пландалган.

Бул масштабдуу долбоорлор ата мекендик туризмди өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана Кыргызстанды дүйнөлүк туризм рыногунда уникалдуу, жагымдуу туристтик багыт катары позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.