Азиядагы эң ири эс алуу жайына айлана турган “Ала-Тоо Резорт”. Жылына 2 млн турист кабыл алат

Туризм Загрузка... 23 Июнь 2025 18:10
WhatsApp_Image_2025_ylRICmt.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.06.25. /Кабар/. "Ала-Тоо Резорт" комплекси дүйнөнүн кайсы гана өлкөсүнөн болбосун туристтерди тартып, Кыргызстандын тоо-лыжа туризмин жайылтууга чоң мүмкүнчүлүк түзгөнү турат. "Ала-Тоо Резорт" долбоору президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген. Долбоор толугу менен ишке ашканда 5 миңге жакын жумуш оруну түзүлөт деп күтүлүүдө. “Жыргалаң”, “Ак-Булак” жана “Боз-Учук” курортторун бириктирген “Ала-Тоо Резорт” комплекси жылына 2 миллионго чейин туристти кабыл алары айтылууда.

Үч шаарчаны куруу үчүн Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагынан “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик мекемесине 3916 гектар жер мөөнөтсүз пайдаланууга берилген.

- “Жыргалаң” курортуна 1624,66 гектар жер берилген. Мында 120 км тоо-лыжа жолдору, 5-4-3 жылдыздуу конок үйлөр, коттедждер, глэмпингдер, спа-комплекси жана этно шаарча, конференц-залдар курулат;

- “Ак-Булак” 945,92 гектарды камтыйт. “Ак-Булакта” 80 чакырымдык тоо-лыжа жолу, 3-4 жылдыздуу мейманканалар, апартаменттер, хостелдер, маданий иш-чараларды өткөрүүгө ыңгайлуу аянтча, стадион, окуу корпусу, фрирайд борбор, ресторан, зиплайн, альп-борбор, амфитеатр жайгашат;

- “Боз-Учук” 1345 гектарды түзөт. Анда 50 чакырымдык тоо-лыжа трассасы, 3-4-5 жылдыздуу мейманканалар, апартаменттер, медициналык борбор, спа-комплекс, балдар үчүн оюн аянтчалары, ат менен сейилдей турган жай, ресторан, дүкөндөр болот.

4 мезгилде тең иштей турган эс алуу жайында табигый кар жана кар жасоо технологиясы колдонулат. Муну менен лыжа тебүү мезгили 7 айга чейин узарат. Курулуш иштери айлана-чөйрөгө минималдуу таасир тийгизип, эл аралык экологиялык стандарттарга ылайык жүргүзүлөт дешет адистер. Бүгүнкү күндө долбоордун биринчи этабын утурлай, жолдорду куруу, суу жана электр энергиясы менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатат.

“Ала-Тоо Резорт” туристтик борборун куруунун биринчи этабын 2026-жылдын аягына чейин аяктоо мерчемделүүдө. 3 курортту кошкондо жалпы узундугу 250 чакырымга созулган лыжа трассалары курулат. "Ала-Тоо Резорт" долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабында “Жыргалаң” курорту курулат. "Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик мекемесинин директору Жаркынбек Максүтов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдиргендей, Жыргалаң шаарчасынын башкы планы бекитилген. Шаардын жалпы аянты 58 гектарды түзөт. 15-июлдан 18-июлга чейин Жыргалаң шаарчасына курула турган объекттердин аукциону өтөт. Аукционго 49 лот боюнча 6,5 гектар жер коюлат. Анда жер тилкелери 216 чарчы метрден 15 660 чарчы метрге чейин болот.

“Жыргалаң” курортунда 6 кабатка чейинки имараттар курулат. Жаркынбек Максүтовдун айтымында, аукционго коюлган курорттук объекттер курула турган жер тилкелери мыйзамдарга ылайык, кыргызстандыктарга “кызыл китеп” менен берилет. Ал эми чет өлкөлүк жарандар жер тилкелерди 49 жылга ижарага алат.

Аукциондон уткан инвесторлор бекитилген долбоорго ылайык, бирдиктүү коддорду сактоо максатында имараттардын сырты көрүнүшүн алмаштырганга укугу жок. Алар ички планын гана каалагандай кылып түзө алат.

Doppelmayr компаниясы менен асма аркан жол куруу боюнча келишим түзүлгөнү белгилүү болду. Аталган компания келишимге ылайык, 2026-жылдын июнь-июль айларында 4 чакырымга созулган эки асма аркан жолун куруп бүткөрөт.

Андан соң “Ак-Булак” курортунун курулушу 2026-жылы, “Боз-Учук” курортунун курулушу 2027-жылы башталат.

Баш-аягы долбоордун баасы мастер планга ылайык, 1 млрд 200 млн еврого жетет. Долбоор ишке ашканда мамлекеттин бюджетине 146 млн евро киреше түшөрү болжолдонууда.