Кытай, Индия, Түркия жана Сауд Аравиянын инвесторлору “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа класстеринин курулушуна кызыгууда

Туризм Загрузка... 25 Июнь 2025 15:55
WhatsApp Image 2025-06-25 at 15.32.53.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Кытай, Индия, Түркия жана Сауд Аравиянын инвесторлору “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа класстеринин курулушуна кызыгууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик мекемесинин директору Жаркынбек Максүтов “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, “Ала-Тоо Резорт” долбоору менен таанышкан чет элдик ишкерлер мейманканаларды курууга ниеттенишүүдө.

“Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа класстеринин курулушунун долбоорунун биринчи этабы боюнча иштер башталды. Мындан улам биз “Жыргалаң” шаарчасына курула турган объекттердин жерлерин аукционго койгонбуз. Долбоор менен Кытай, Индия, Түркия жана Сауд Аравиядан келген инвесторлор таанышып, кызыгууларын билдиришти. Алар көбүнчө мейманканаларды курууга ниеттенип жатат. Өз мамлекеттерине барып, кеңешебиз деп кетишти”, - деди ал.

Ошондой эле Жаркынбек Максүтов “Жыргалаң” курортундагы 5-4-3 жылдыздуу конок үйлөр, коттедждер, глэмпингдер, спа-комплекси, этно шаарча жана конференц-залдар түшө турган аймакты кызыккан адамдарга жеринде тааныштыруу эмки жумага пландалып жатканын кошумчалады.