Күн сууктап, алдыда кычыраган кыш келе жатат. Энергетика министрлиги өлкөдө күз-кыш мезгилине даярдык иштери кызуу жүрүп жатканын белгиледи. Министр Таалайбек Ибраев жумушчу сапары менен аймактарды кыдырып, кышка даярдык иштери менен жеринен таанышып жүрөт. Ал жакында эле Чүй электр тармактар ишканасынын кышка даярдыгын текшерүү учурунда аныкталган айрым кемчиликтерди сынга алып, оңдоп-түзөө, реконструкциялоо иштерин 1-ноябрга чейин аягына чыгарууну тапшырды. Биз бүгүн калкты электр энергиясы менен камсыздоо жаатында аткарылып жаткан иштер тууралуу сөз кылабыз.

Суукта калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында өлкөнүн бардык аймактарында электр линияларын, трансформаторлорду оңдоо, көмөк чордондордун жабдууларын алмаштыруу менен кубаттуулугун жогорулатуу, "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу, эски алюминий аба чубалгыларынын ордуна заманбап СИП кабелдерди тартуу, жыгач электр мамыларын темир-бетон мамыларга алмаштыруу боюнча иштер тынымсыз жүрүүдө.

"Кыргызстан улуттук электр тармактар" ААК жаз чыгары менен кийинки 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыкты жогорку деңгээлде көрүү үчүн жабдууларды жаңылоо жана оңдоп-түзөө жумуштарын колго алып, жыл башынан тарта бүткүл республика боюнча калкка 332 миң "акылдуу" эсептегич орнотту. Бул Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда жана улуттук энергетика тармагын модернизациялоого багытталган.

Негизги максаттары — электр энергиясын эсепке алуунун ачыктыгын жогорулатуу, техникалык жана коммерциялык жоготууларды кыскартуу, электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу жана тармакта санариптик инфраструктураны өнүктүрүү болуп саналат.
"Акылдуу" эсептегичтер реалдуу убакыт режиминде электр энергиясын керектөөнү так эсептеп, техникалык жактан тез аныктоого, уруксатсыз кошулууларды алдын алууга жана эсептешүү үчүн так маалыматтарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, бул система керектөөчүлөргө өз керектөөсүн натыйжалуу башкарууга шарт түзүп, энергия ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга көмөктөшөт.

Күн мурун өлкөнүн башкы энергетика булагы болуп саналган Токтогул ГЭСин модернизациялоо иштери 94 пайызга аткарылганы маалымдалды. Анда ГЭСтин акыркы гидроагрегатын ноябрь айында ишке киргизүү үчүн учурда иштер тынымсыз жүрүп жатканы айтылды. Бул иштердин жыйынтыгы менен Токтогул ГЭСинин өндүрүштүк мүмкүнчүлүгү кеңейип, ишенимдүүлүгү жогорулайт жана өлкөнүн энергетикалык системасындагы негизги туруктуулукту камсыздоочу ролу мындан ары да бекемделет.
Айдын башында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев экономика тармактарын жана калкты 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жана аткарылган иштер жөнүндө кеңешме өткөрүп, анда 2025-жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 млрд м³ аз экени айтылды. Буга электр энергиясын керектөөлөрү өсүп, ага кошумча жай айы кургакчыл болгондугу түрткү берген.

Энергетика министрлиги тарабынан өлкөдө энергетикалык тартыштыкты жою, генерацияны көбөйтүү жана калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Бул багытта 2021-жылдан тарта массалык түрдө чакан жана орто ГЭСтерди куруу иштери башталган. 2025-жылдын башына карата өлкөдө 40 чакан ГЭС ишке кирип, дагы 37 ГЭСтин курулушу башталган. Анын ичинен жыл аягына чейин 18и ишке берилери айтылган.
Мындан тышкары, Борбор Азия аймагында эң ири болгон Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштоо үчүн даярдык иштери жүрүп жатат. Келечекте ГЭС ишке кирип, пландалгандай жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлсө тартыштык биротоло жоюулары талашсыз.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев жакында эле "Кабар" агенттигине маек берип, электр энергиясын керектөө жылдан-жылга өсүп жатканын белгиледи.

"Кыргызстанда электр энергиясынын 90 пайызы суудан өндүрүлөт. Учурда биз 14-15 млрд кВт/с электр энергиясын өндүрөбүз, ал эми керектөөбүз 18 млрд кВт/саатты түзөт. Калган 3-4 млрд млрд кВт/саатты коңшу мамлекеттенден сатып алып атабыз. Дүйнө жүзүндө электр энергия киреше алып келген, экономикага салым кошкон өндүрүштөрдүн бири болсо, бизде тескерисинче өзүн-өзү актай албай жатат. Бүгүнкү күндө электр энергиясынын өндүрүлгөн наркы 2 сом 60 тыйындын тегерегинде болсо, биз 1 сом 33 тыйындан сатып атабыз, калганын мамлекет супсидия кылып келе жатат. Биз мындан чыгышыбыз керек.
Электр энергиясын керектөөнүн өсүшү экономиканын өсүшү менен тыгыз байланышта. Жакында эле Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкөдө 100 социалдык жана өндүрүш объектилери ишке кирди. Мунун баары электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө алып келет. Ошондуктан биз генерацияны көбөйткөнгө жетишпей жатабыз. Мисал катары айта кетейин, былтыр Киров суу сактагычына 25 меваттык чакан ГЭС курдук. Бирок, ошол эле жылы аймакта аэропорт, Талас облустук милициясынын жаңы имараты жана Бакай-Ата районунда жаңы мектеп ачылып, 25 мегаватты дароо эле алып кетти", - деген министр электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.

Муну менен электр энергиясын керектөөнүн өсүшү завод-фабрикалардын курулушу, электро унаалардын, электросамокат, электроскутер жана башка жеке транспорт каражаттарынын, күнүмдүк турмуш-тиричиликке колдонулуучу жаңы технологиялардын өнүгүшүнө дагы байланыштуу экенин белгилей кетүү керек. Бул өз кезегинде өлкө экономикасынын өсүшү менен шартталат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жогоруда айтылган экономика тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо жана аткарылган иштер жөнүндө өткөрүлгөн кеңешмеде өлкө боюнча бардык ГЭСтердин абалы жана кышка карата даярдыктары туурасында маалыматтарды угуп, быйыл Токтогул ГЭСинин реконструкциясы толук аяктап, 4 гидроагрегат алмашып, кошумча 240 МВт кубаттуулук кошулганын, эми Токтогул ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 1440 МВтты түзөөрүн кошумчалады.
Ошондой эле ал Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири энергетикалык долбоор ишке киргиче, электр энергиясын үнөмдөө зарылчылыгын белгилеп, бардык министрликтерди жана башка мамлекеттик органдарды, жергиликтүү бийлик органдарын жана жалпы калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.

"Бүгүн өлкөнүн ички дүң продукциясы 8 айдын жыйынтыгы менен 1 трлндон ашты, өсүү темпи 11,1 пайызды түздү. Ошол эле учурда консолидацияланган бюджеттин жылдык көрсөткүчү 8 айдын жыйынтыгы менен толук аткарылды. Жылдын жыйынтыгы менен ал дагы триллиондук көрсөткүчтү басат. Мына ушундай өнүгүүлөрдө калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо – башкы милдетибиз", - деди Касымалиев.