Адылбек Касымалиев калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

Министрлер кабинети Загрузка... 06 Октябрь 2025 14:30
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бардык министрликтерди, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү бийлик органдарын жана жалпы калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу ал экономика тармактарын жана калкты 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жана аткарылган иштер жөнүндө кеңешме өткөргөндө билдирди.

Адылбек Касымалиев өлкө боюнча бардык ГЭСтердин абалы жана кышка карата даярдыктары туурасында маалыматтарды угуп, быйыл Токтогул ГЭСинин реконструкциясы толук аяктап, 4 гидроагрегат алмашып, кошумча 240 МВт кубаттуулук кошулганын, эми жалпысынан Токтогул ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 1440 МВтты түзөрүн кошумчалады.

Бирок ошентсе да, Камбар-Ата ГЭС-1 сыяктуу ири энергетикалык долбоор ишке киришкиче, электр энергиясын үнөмдөө зарылчылыгы белгиленди.