Кыргызстанга Кытайдан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 26 тонна картошка артка кайтарылды

Экономика Загрузка... 12 Февраль 2025 13:58
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Кыргызстанга Кытайдан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 26 тонна картошка артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй облусундагы башкармалыгы Кытайдан кирген 26,13 тонна картошканы карантиндик фитосанитардык текшерүүдөн өткөргөн. Жыйынтыгында жүктө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган. 

Евразиялык экономикалык биримдигинин комиссиясынын биримдиктин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобосуна ылайык, жүктүн таңгагында тиешелүү маркировканын жоктугуна байланыштуу 26,13 тонна картошка жүк жөнөтүүчүгө кайра кайтарылган.