Кыргызстанга гүлдөр кайсы өлкөлөрдөн келерин билчү белеңиз?

Коом Загрузка... 05 Март 2026 18:20
646373031_3750095818466923_2766401397756229838_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызстанга гүлдөр кайсы өлкөлөрдөн келет жана кайсы өлкөлөргө экспортко жиберилет? “Кабар” агенттиги бул суроолорго жооп издеп көрдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, гүлдөр Өзбекстан, Кытай, Кения, Нидерланд, Эквадор, Россия, Эфиопия, Израил, Колумбия, Түркия өлкөлөрүнөн импорттолот.

2024-жылдын жыйынтыгы менен өлкөгө 110 тонна 15 миң кг ашуун гүл импорттолгон. Атап айтканда, 29 млн 539 миң 376 даана гүл алынып келген.

Ал эми былтыр, 2025-жылы өлкөгө 997 тоннадан ашуун же 76 млн 320 миң 864 даана гүл кирген. Кыргызстанга келген гүлдөрдүн арасында роза, жоогазын, азалия, петуния, гвоздика, хризантема, лилия, кесилген гүлдөр, идиште өстүрүлгөн ж.б. басымдуулук кылат.

Ал эми Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанга 420 тонна 886 кг гүл келген.

Ал эми экспортко гүлдөр Россия, Казакстан, Өзбекстан, Армения өлкөлөрүнө кетет. 2025-жылдын жыйынтыгы менен 27 тонна 632 кг гүл экспорттолгон. Быйылкы жылдын эки айында 17 тонна же 213 миң 745 даана гүл башка өлкөлөргө жиберилген. Алардын сап башында Өзбекстан турат.

Мамлекеттик бажы кызматы билдиргендей, февраль айында Кыргызстанга 4 миллиондон ашык жаңы гүлдөр ташылып келди. Ал январь айына салыштырмалуу 31% га өскөн.

8-март - Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында гүлдөрдү ташып келүүнүн салттуу мезгилдик өсүшү байкалат. Алардын негизги бөлүгү аба транспорту аркылуу ташылат.

Февраль айында роза, гвоздика, орхидея, хризантема жана лилия гүлдөрүнө суроо-талап көп болот. Розалар салттуу түрдө алдыңкы орунда турат. Майрам алдында 3 жарым миллион даана роза ташылып келген.

Соода түйүндөрүнө жеткенге чейин алардын коштоочу документтери жана ташуу шарттарынын сакталышы текшерилет.

“Манас” бажысынын улук инспектору Руслан Айтбаев билдиргендей, гүлдөр башка товарлардан биринчи чыгарылат.

“Гүлдөрдүн температурасы бир калыпта сакталышы керек болгондуктан, документтери дагы кезексиз каралат. Ошондой эле дароо унааларга жүктөлүп, соода түйүндөрүнө жиберилет”,-деди ал.

Учурда Бишкек шаарында Жоогазын фестивалы өтүүдө. Анда жоогазын гүлүнүн ар кыл сорттору сунушталып, гүлдөр 75 сомдон баштап сатылууда.

Фестиваль гүл чарбачылыгын өнүктүрүүгө, жаңы сортторду жайылтууга жана өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдү түз байланыштырууга багытталган.