Кыргызстанга бир жумада 400гө жакын мас айдоочу кармалды

Укук тартиби
Кыргызстанга бир жумада 400гө жакын мас айдоочу кармалды
copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда 24-февралдан 2-мартка чейин алдын ала маалымат боюнча, 23 миң 525 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 720;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 369;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 110;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 413;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3493;
  • авто ээнбаштык – 19;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4225;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 7;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 298;

Ошонжой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2901 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.