Кыргызстандын "жашыл" экономикага өтүүдөгү негизги багыттары

Экология Загрузка... 07 Октябрь 2025 17:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Акыркы жылдары дүйнө коомчулугу анын ичинде Кыргызстан климаттык өзгөрүүлөрдүн жана экологиялык көйгөйлөрдүн кесепеттерин жон териси менен сезүүдө. Табигый ресурстарды үнөмдүү пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү маселелери дүйнөлүк деңгээлдеги негизги артыкчылыктардын бири болууда. "Жашыл" экономика түшүнүгүнө токтолсок, бул экономикалык өсүш менен катар экологиялык коопсуздукту, социалдык адилеттүүлүктү жана ресурстарды кайра жаратууну көздөгөн туруктуу өнүгүү модели. Ал энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонуу, калдыктарды азайтуу, суу жана жер ресурстарын рационалдуу пайдалануу аркылуу жаратылыш менен адамдын муктаждыгын тең салмактоону максат кылат.

Кыргызстан үчүн "жашыл" экономика - бул экологиялык туруктуулукту сактоо менен катар энергетикалык көз карандылыкты азайтууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана айыл чарба, туризм, өнөр жай сыяктуу тармактарды жаңылоо аркылуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталган мүмкүнчүлүк.

WhatsApp Image 2025-10-07 at 17.28.37.jpeg

2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында энергетикадагы маанилүү милдет болуп Кыргызстанда электр энергиясын керектөө менен өндүрүштүн ортосундагы тартыштыкты жоюу саналат, бул энергетикалык көз карандысыздыкка иш жүзүндө жетишүүнү күбөлөндүрөт деп жазылган. Аталган программада “Жашыл" энергетика вектору боюнча максаттуу багыттар катары төмөнкүлөр аныкталган:

- "жашыл" энергиянын генерациядагы үлүшү - 92 %;

- жылына 7,5 млрд кВт с чейин энергиянын кайра жаралуучу булактары менен электр энергиясын иштеп чыгууну камсыз кылуу;

- кепилденген кубаттуулуктардын запасы - 550 - 700 МВт;

- электр энергиясын берүүдөгү жоготууларды 10 пайызга чейин азайтуу;

- парник газдарынын чыгарылышын - 16 пайызга (эл аралык каржылоосуз) жана 44 пайызга (эл аралык каржылоо болгон учурда) азайтуу.

Ал эми 1-октябрда ишке кирген 2029-жылга чейин экинчи "Жашыл" экономиканы өнүктүрүү программасы өлкөнүн экологиялык багыттагы экономикалык саясатынын жаңы этабын ачат. Программада деградацияга учураган жерлердин 30 пайызын калыбына келтирүү, мамлекеттик сатып алуулардагы “жашыл” үлүштү 30 пайызга жеткирүү жана өндүрүш жана социалдык секторлордо кайра жаралуучу энергия булактарын жана энергияны үнөмдөө технологияларын кеңири киргизүү каралган. Ушул маанилүү документтерге ылайык, өлкөдө ишке ашырылып жаткан жашыл долбоорлор, негизги иш-аракеттер төмөнкү багыттарда аткарылууда.

WhatsApp Image 2025-10-07 at 17.29.02.jpeg

Энергиянын кайра жаралуучу булактары

Министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду өлкөдө күн, шамал жана кичи ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча долбоорлордун ишке киришине көмөктөшүүдө. Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө, анын ичинде, гидроэнергетикалык станцияларды куруу боюнча долбоорлор бүгүнкү күндө актуалдуу. Мисалы, коңшу өлкөлөр менен биргеликте аймактагы эң ири гидроэлектростанциялардын бири болгон Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча долбоор ишке ашырыла баштады. Андан тышкары, аймактарда кошумча электр энергиясын өндүрүүчү чакан ГЭСтер курулуп, четинен ишке берилүүдө.

Калдыктарды башкаруу системасы

Бишкек жана Ош шаарларында катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү ири долбоорлор ишке ашууда. Бишкек шаарынын санитардык полигонунда алгач миң тонна, келечекте 3 миң тоннага чейин таштандыны кайра иштетип, 30 МВт/саат электроэнергия кубаттуулугуна ээ экотехнологиялык завод курулууда. Наркы 95 млн АКШ долларына курулуп жаткан завод мөөнөтүнөн эрте бүткөрүлүп, ноябрь айында биринчи таштандыны кабыл алууга даярданууда. Декабрдан тартып биринчи электр кубаттуулугу энергосистемага берилмекчи. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясында билдирди.

Маалым болгондой, Ош шаарында таштандыларды кайра иштетүү жолу менен электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводду куруу боюнча алкактык келишимге Кытай тарап кол коюлган. Бул долбоордун сметалык баасы 90 млн долларды түзөт.

WhatsApp Image 2025-10-07 at 17.27.11 (1).jpeg

Айыл чарбадагы туруктуу ыкмалар

Органикалык айыл чарба, тамчылатып сугаруу системалары жана биологиялык жер семирткичтерди колдонуу боюнча долбоорлор фермерлерге жаратылышты сактоо менен киреше табууга шарт түзүүдө. Бул багыттагы иштер Дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонд тарабынан колдоого алынууда.

Жашыл транспорт жана шаардык инфраструктура

Бишкек шаарында электробустарды колдонуу, велосипед жолдорун куруу жана коомдук транспортту экологиялык стандарттарга ылайыкташтыруу боюнча иш-аракеттер башталды. Бул шаардагы абанын сапатын жакшыртууга багытталган. Бишкекте электробустарды жана газ менен жүрүүчү автобустарды тейлөө борбору ачылды. Мында бир эле учурда 150 электробусту жана газ автобустарын тейлөөгө мүмкүнчүлүк берип, транспорттук жеткиликтүүлүктү камсыздайт. Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 120 жаңы электробус алып келинип, шаардык каттамга чыгууда. Белгилей кетсек, акыркы эки жылда газ менен жүргөн 1000ден ашуун автобус сатып алынып, шаардын экологиясына кам көрүлүүдө.

WhatsApp Image 2025-10-07 at 17.27.11.jpeg

Бишкек шаардык транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотовдун пикиринде 2-3 жылдан бери баш калаада райондук акимиаттар тарабынан велосипед жолдорун, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарларды куруу иштери планга киргизилип, курулууда. “Экинчиден жарандардын жөө жүрүүсүнө шарт түзүү багытында көп тротуарларда брусчаткалар алынып, асфальт төшөлүүдө. Тротуар менен бирге экинчи жагына ортосунан чийин чийилип, веложолдор курулуп жатат. Мисалы, борбордогу Токтогул көчөсү ортосунан чийин менен унаалардан бөлүнүп, велосипед жүрө турган жол чийилген. Жаңы курула турган жолдордо веложолдор өзүнчө салына турган долбоорлор чийилүүдө. Мындан тышкары, Түштүк магистраль, Ч. Айтматов көчөсүнө үлгүлүү веложол менен жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулган”,- деди Жанболотов.

WhatsApp Image 2025-10-07 at 17.28.28.jpeg

Кыргызстандагы "жашыл" долбоорлор экологиялык коопсуздук менен экономикалык өсүштү айкалыштыруу мүмкүн экенин көрсөтүүдө. Өлкөдө бул процессти мамлекеттик колдоо, жеке сектордун активдүү катышуусу жана жарандык коомдун жоопкерчиликтүү мамилеси менен гана кеңири масштабда өнүктүрүүгө болот. "Жашыл" экономикага өтүү - жөн гана экологиялык кадам эмес, туруктуу жана таза келечекке багытталган стратегиялык тандоо.