Кыргызстандын жаш балбандары Азия чемпионатында 7 медаль жеңди

Спорт 06 Июль 2025 15:15
516775857_18363137833196946_9216224782940292722_n.jpg
515486491_18363137842196946_6080667330073278489_n.jpg
516139073_18363137839196946_5134409528247308936_n.jpg
516633919_18363137836196946_8578339191693614606_n.jpg
516381493_18363137860196946_2493569235269990894_n.jpg
516502069_18363137851196946_4294489490649399760_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 06.07.25./Кабар/. 5-июлда «Бишкек Арена» спорттук комплексинде грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында (U-15) Азия чемпионаты жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Түштүк Корея, Түндүк Корея, Иордания, Тайбей, Түркмөнстан жана Япониянын спортчулары катышты.

Кыргызстандын курама командасы 1 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болду.

Алтын медалдын ээси:
85 кг Хасан Гасанов;

Күмүш медалдын ээлери:
38 кг Нурислам Шаимкулов;
62 кг Байел Асылбеков;

Коло медалдын ээлери:
44 кг Юсуф Баялиев;
48 кг Нурэл Өзгөнов;
57 кг Бакай Рустамов;
75 кг Нурдин Анаркулов.