Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Бүгүн саат 12:34тө Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Ачык-Суу айылынан түштүк-чыгышка карай 15 чакырым, Кызыл-Кыя шаарынан түштүк-чыгышка карай 103 чакырым аралыкта жайгашып, күчү 3 баллга жеткен.
Жердин силкинуүчү Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.